Келип калды билинбей
Заарын чачкан, соймоңдотор тилиндей
Куйрук бассаң, өчүн алган, жининдей
Ызгаар суук, ышкырыгын, обон салып,
Жылан жылы, сойлоп келди билинбей,
Жылуулукта кактайт, жылтыр денесин,
Саймасы кооз, нур жоосундай желесин
Суурулуп чыгат, тонун замат кулпуртуп,
Артка таштап, касиеттуу баалуу терисин,
Жылан жылда, байлык келээр, чын болот
Байлап берген ден соолук да чың болот
Ыркырай бузуп, ызы-чуу менен баштасаң
Каарын чачса, кагылышкан чыр болот…
Кем дебе
Жашоо таттуу, оюн шаттуу, туйганга,
Өмүр кыска, шаңдуу өткөр, улгайба,
Арасында, болуп калса кемчилик,
Жеңе билгин, чөгүп калып сумсайба,
Сүйүү күчтүү, сезим түптүү аздекте,
Булганычты, бүлүктөп сал, аңгекке,
Ырахатын татып көрсөң, билээрсиң,
Бапестеп ал, солутбастан алпеште,
Турмуш татаал, тагдыр түрдүү пендеге,
Карылыктын, каалгасын, термебе,
Шүгүр кылгын ар бир баскан күнүңө,
Болбой калса, жетбей калса, кем дебей…
Кенебейт. Эркексиң
Ата болуп, уулуң менен тил табышкын,
Сөз менен жык, пайдасы жок, чабыштын,
Андан көрө, алдап-соолап имерип,
Жаман жолго басбасын деп, жабышкын,
Азыр заман, мурункудай тынч эмес,
Тартип тайкы, илгеркидей курч эмес,
Ишке салып же таяктап жазалап,
Кол көтөртүп коё турчу, бурч эмес,
Жашообузду, бейбаштыктар, тегерейт,
Көз салбасаң, жаман жолго чекелейт,
Ошондуктан, алдап жолго салбасаң,
Азыркылар, келтек күчүн кенебейт…
Кенедеймин
Кемип турам, кетсе кыргыз, орду бөксөп,
Кемип турам, жаштарымын, жолун көксөп.
Мезгил жетип, мекеним деп кайтышса.
Ата журтум коюунун ачып, калаар көктөп,
Кенебеймин, кемтиги бар, бийлигиңди,
Кенебеймин, тутана албас, билигиңди,
Өз жеримде, баарын акча башкарып,
Мен өлкөмө, арнай албайм илимимди.
Кенедеймин, Ала-Тоонун коюунунда,
Керендеймин Ысык Көлдүн боюнда,
Жерим кооз, элим момун, даанышман,
Кебелбеймин, бир Аллахтын жолунда…
КЕТСЕ ЭКЕН ДЕЙМ
Жеңилдедим жеме жеген сезимден,
Заарканган жүрөк канбайт, безилдеп,
Жармашбасам жаның калаар тынч алып,
Сүйүүм жатат, тепселенип эзилген,
Кар аралаш жамгыр жаайт, токтобой,
Көңүлүмдүн кирин, жууйт топтобой,
Кайтбай койсом, кайраттанып калаарсың,
Суу жетбеген, какыр чөлгө окшобой,
Жан дүйнөмдүн жардылыгы жоголбой,
Кайгы- муңдуу, күчтөр басат, оңолбой,
Шарактаган шар дүйнөдө, жалгыздык,
Кетсе экен, дейм мени ээрчип торолбой…
