КЫЛМЫШ

Окуучуларды бычак менен коркутуп

el_kdm_001
24-январь күнү Кадамжай шаарындагы №17 мектепте адам үрөйүн учурган окуя болуп өттү.
Аталган мектептин 10-классынын окуучусу Нурдинов Эркиндин айтымында:
– Эрте менен биринчи сабак болуп жаткан эле. Эшиктен бир киши келип, бир эки баланын атын сурап, чөнтөгүнөн бычак чыгарып, бизге карай чуркай баштады. Парталардын үстүнөн ашып балдар качып чыктык. А кыздарыбыз бакырып, ыйлап класста калып кетишти – дейт.
Бул окуя боюнча ЖЖОИнин ага инспектору, милициянын лейтенанты И. Турабаева иликтөө жүрүп жатканын айтат.
Атын айткысы келбеген окуучулардын ата-энелеринен бири, бычак көтөрүп класска кирген адамдын баласын, ушул класстын балдары сабаган экен. Ошондуктан бул ишке барганын айтыптыр.
Сен мага тийбе, мен сага тийбейм заманы келгенби айтор, бул кишинин артынан арыз жазышкан эмес. Эң эле аянычтуусу бул окуяга күбө болгон окуучу кыз 3 күндөн кийин каза болгон. Классташтарынын айтуусу боюнча, бул кыздын өлүмүнө болуп өткөн окуянын тиешеси жок.
Бычак көтөрүп окуучуларды коркуткан адамдын ээн – эркин журушу, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кыздын сырдуу өлүмү табышмак бойдон калууда.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

12 Пикирлер

  1. Бул жерде эч кандай урой учуруучу нерсе жок,болгону ата оз баласын коргоо учун келип,баласынын тен туштарын коркуткандыр.Бирок ал жер мектеп , мектепке андай кылуу туура эмес,ал жерде эл-журттун балдары окуйт,,,,,,,,,,,,,,,Ал эми 3 кундон кийин коз жумган кыздын бул нерсеге эч кандай тиешеси жоктугун баары билет,бирок эл оозуна элгек тутуп болбойт,азыр эле ошол кыздын курман болгону жонундо ар кандай версиялар чыгып кетти..Ар кандай ушактардын айынан башкача тушунгон адамдар аз эмес,,,,,,,,,Курман болгон кыздын жакындарына конул айтам…..

  2. №17 “Кадамжай” орто мектебинде болгон окуя тууралуу айтып кетсем,мектепке муштум жеген баланын атасы келип окуучуларды бычак менен коркутуп,мектеп боюнча кубалап жургону такыр туура эмес.Себеби ал ата оз баласынын козунчо корсоткон кылыгы жонундо бала дагы ойлонуп “Андай кылсам балдар менден коркуп мага эч ким тийбейт экен” деп озунчо чечим чыгарып психологиясы озгорот. Ата болуп туруп оз баласына уйдо эмнени айтып,кантип тарбия беришин ойлонтуруп коёт.

  3. справка дана от 31/01/2013г Мин.здрав. КР Баткенской области Кадамжайская территориальная больница
    В отделение ОАРИТ 27/01/2013года в 18:00 поступила Дастурова Турсунай 1996г.рождения в сопровождении родственников. При поступлении была мёртвая. Признаков жизни нет. Полная Адинамия арефлексия, зрочки широкие, артериальное давление ноль, пульс не определяется. со слов мамы и брата девочки дома мама с дочкой поругались,из-за этого она выпила таблетки. Какие именно они точно сказать не могут.
    врач АКматова Гулькан

  4. кундолук маалымат
    Улануу
    билдируу менен Кадамжай РИИБнун ТБнун тергоочусу милициянын ага лейтенанты Торокулов Ш.кайрылган.
    Себеби: 2013 жылдын 27 январь куну саат 18:10 чамасында Кадамжай районунун Пулгон айылынын Лесхоз кочосунун №3 уйунун тургуну 18/09/1996 жылы туулган Дастурова Турсунай озунун уйундо медициналык таблетканы ичип ууланып Кадамжай аймактык ооруканасынын жандандыруу болумуно алып келген кезинде каза болгон.

  5. Конечно я этого родителя понимаю! Если школа ничего не делает что делать????????????? Я знаю даже, что вера учеников 9-го класса в учителей и в школу пропала из-за того что они ничего даже не сделали!!!! Они зная обо всем никогда ничего не делали! И я думаю что такие ситуации еще будут и не раз!

  6. Кадамжай эмне эле болуп баратат… Акыркы кундору журоктун ушун алган окуяларды коп укчу болдум, бирин бири тушунуу деген таптакыр жоголуп кеткен ондуу… же крим район статусуна бараткандагы жолбу, айтор кейиштуу. Ата-энелерди да, балдарды да тушунбой кетем…

  7. акыл эси жайында адам бычак менен келип окуучуларды коркутпайт. бул киши психикалык жактан ооруйт окшойт. анын тарабын алгандарды тушунбодум баласын сабаса эле бычак менен барып коркутуш керекпи? баары эле ошентип бычак менен бараберсе кандай жашоо болот. Мектепте андай окуя болоберет, бугун мушташса эртен жарашат, алар бала да.

  8. жаш кыз ата-энесин коркутам деген ойдо ошондой кылды болуш керек, бирок ооруканага убагында жетпей калышын ойлогон эмесда.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы