КЫЛМЫШ

Өмүр бою түрмөгө кесилишти

Сүрөттө К.Зикиров
2012-жылдын 7-сентябрында Кадамжай шаарындагы ЭкоИсламик Банкынын филиалындагы окуя адамдарды дүрбөлөңгө салган болчу. Тактап айтканда чак түштө (13:00 чамасында) Кадамжай шаарынын тургундары Зикиров Каныбек, Салаев Исак, Кадыров Алтынбек алдын ала уюшулган пландарын ишке ашырат. Банктын аманат кассасынын жетекчиси 1994-жыл туулган Бозулан Примовду Кадыров Алтынга тиешелүү Е 200 Мерседес авто унаасына салышып, муунтушуп банктын ачкычын алышат.
Ал эми күзөтчү түштөнүүгө чыккан убакыт болот. Банктын сейфинде сакталган 2 миллион 238 сом, 62 миң 650 рубль, 14 миң 945 АКШ доллар акчаны алып кетишет. Банктын кассирин Зикиров Каныбек Муунтуп эстен тандырат да Кадамжайдын Анкурсай деген аймагына алып барышып, бычак менен сайгылашат да таш менен көмүп салышат. 8-сентябрда Бозулан Примовдун жансыз денеси табылат. Окуя болгондон бир күндөн кийин кылмышка шектүү Салаев Исак кармалып, 3 күндөн кийин Бишкектен Зикиров Каныбек менен Кадыров Алтын кармалат.
Кылмышкерлерге жеңилдик берилбесин деген максатта Кадамжай РИИБнин алдына «Канкорлор жазалансын. Өмүр бою кесилсин. Эл соттон адилет өкүм күтөт» деген чакырыктар менен чыгып келишти.
2013-жылдын 7-февралында Кадамжай райондук соту тарабынан кылмышкерлерге өкүм чыкты. Анын негизинде Зикиров Каныбек менен Салаев Исак өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал эми айдоочулук кылган «мен өлтүрүүгө катышкан жокмун» деген Кадыров Алтынбектин кылмышы иликтенип, 20 жылга эркинен ажыратылды.
Нааразычылык билдиргендер 10 күндүн ичинде Баткен облусттук сотуна кайрыла алышат.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы