Баткендин Кадамжай районунда үстүбүздөгү жылдын 10 ай аралыгында 3 окуучу өз жанын кыйган.
Бул тууралуу Кадамжай РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Замир Камалов билдирди.
2012-жылы район аймагында 6 окуучу өз жанын кыйган. 2013-жылдын 10 ай аралыгында 8 адам өз өмүрүнө кол салып, алардын ичинен үчөө мектеп жашындагы өспүрүмдөр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери 79 окуучу өз жанын кыйган.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы