КЫЛМЫШ

Аскер жууркандарын кымтып алгандарга кылмыш иши козголду

el_kdm_0012009-жылы Баткен облусундагы 30630 аскер бөлүгүнө берилген жалпы баасы 556 360 сом 80 тыйынды түзгөн, 40 даана жабынчу жууркан  белгисиз жоголгон.  

Бул ишти жабуу максатында 2012-жылдын февраль айында жокко чыгаруу актысын түзүп, Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлиги аркылуу жокко чыгарып жиберишкен.

Натыйжада, 30630 аскер бөлүгүнүн тийиштүү кызмат адамдары тарабынан, мамлекетке 556 360 (беш жүз элүү алты миң үч жүз алтымыш) сом 80 тыйынды түзгөн материалдык зыян келтирилген.

2013-жылдын 3-июнунда, аталган кылмыш ишинин бети ачылып, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан  кылмыш иши козголду.

 

Ж.Мырзаканов,
Баткен горнизонунун аскер прокурору,
юстициянын майору

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы