КЫЛМЫШ

Адвокат 2 ай камакка алынды (фото)

el_kdm_001Маматкадыр Абдыгапаровго  КРнын Кылмыш-жаза Кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-2-5-пунктары менен  кылмыш иши козголгон. Кадамжай райондук соту тарабынан М.Абдыгапаровдун баш коргоо чарасы каралып, козголгон кылмыш иши мыйзамдуу деп табылып, тергөө убагында качып кетиши мүмкүн, деген себеп менен 2 айга камакка алынды.

Тергөөчү Ахматов Уландын айтымында,

Кадамжай РИИБне КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкери арыз менен кайрылган.

Аталган мамлекеттик кызматтын кызматкерлери 7-ноябрь күнү Д.Даминов жана Маматкадыр Абыгапаров “Көк-Суу” универмагын (азыркы учурда кафе) мыйзамсыз ээлеп алып, анын чатырын жабууда ашыкча акча жумшаган деген коллективдин арызын текшерүү үчүн универмагды текшерүүгө алышкан.

Текшерүүгө келген кызматкерлер имараттын чатырына шаты коюп чыгышкан. Ошол учурда адвокат Маматкадыр Абдыгапыров, Асатова Кырдар, Надирова Жибектер имараттын чатырында текшерүүдө жүргөн кызматкерлерди басып жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу максатында чыгып түшүүчү шатыны алып салышып, бир саат бою имараттын чатырында кармап турушат.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобунун кийлигишүүсү менен жогорудагы адамдар имараттын экинчи кабатына түшүрүлгөн.

Мындан тышкары имаратка камап эки сааттай мыйзамсыз кармап турушкан.

Буга жараша 15-ноябрь күнү адвокатты жактаган жана аны камалсын деген эки тараптуу  200 дөй адамдар митинг өткөрүштү.

Копия Адвокат 2 ай камакка алынды                                                                                 Сүрөт автордуку

Адвокат Маматкадыр Абдыгапаровду колдогон митингчилерге каршы митинг уюштурулуп, 200 гө чукул жарандар райондук администрациянын алдына чыкты.  Антимитингчилердин талабы убактылуу абактагы адвокатга тиешелүү жаза берилип,  соттун калыс чечим чыгаруусун талап кылышкан. Митингчилер менен антимитингчилер ортосунда кайым айтышуу болуп, милиция кызматкерлери ортого түшүүгө аргасыз болду.  Каршылык митингинин уюштуруучуларынын бири Үсөн Жумабаевдин айтымында адвокатты акталуусун талап кылгандардын арасында бир нече жолу соттолуп, 20 жылдан бери карапайым элдин тынч жашоосуна бузуп келгендер  да бар экенин кошумчалады.

Ал эми  Абдыгапаров Маматкадырдын аялы Мыйзамова Авазхан, күйөөсү ак жерден камалганын жана атайын буйрук болгон деп эсептейт.

Камалган адвокат Абдыгапаров Маматкадыр жакында ишке киришкен “АКОС” коррупцияга каршы коомдук уюмдун облустук координатору экени айтылууда.

Ушул уюмдун мүчөлөрү делген эки аял райондук аймактык ооруканынада жатат. Аймактык оорукананын башкы даарыгери Эркин Апазовдун берген маалыматында, эки аял кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен жаткырылган. Алар милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы