КООПСУЗДУК

Мыйзамсыз сакталган 6 даана ок атуучу курал табылды

Куралдар
2013-жылдын 5 ай ичинде «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз сакталган 6 даана ок атуучу курал табылды.  
Кадамжай РИИБнүн УБСнын ага инспектору, милициянын майору Абдуталип Камардиновдун айтымында аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал эми атайын каттоодо турган сайсыз ок атуучу куралы бар 118 жаран текшерилип, 28 жаранга административдик тартипте протокол түзүлүп, чара көрүлгөн. 33 жаран ок атуучу куралын мыйзамдаштырып берүүнү суранып, өз ыктыяры менен милиция бөлүмүнө тапшырышкан.
Эскерте кетсек, 2010-жылдын апрель жана июнь айларында жоголгон мыйзамсыз ок атуучу курал-жарак жардыргыч заттарды сактап жүргөн жарандарды аныктоо жана кайтарып алуу максатында Кадамжай район аймагында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы