КООМ

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысын коркутушту

el_kdm_001Жакында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысын аталган айылдын тургуну Гүлү Нурматова жетектеген бир топ аялдар келип коркутушту. Майдан айыл аймагында жайгашкан Шамбесай алтын кенинин казылышына каршы өткөрүлгөн митингтин уюштуруучулары Кара-Жыгач айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысын коркутушуп, ит айтпаган сөздөр менен тилдешкен. Мунун негизги себеби былтыркы жылы дарыгерлер борборунун жетекчисинин суранычы боюнча Z-Explorer компаниясы тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жылытуу системасын ишке киргизгенге көрсөтүлгөн жардамы болду. Элдин ден-соолугун чын кармаш үчүн дарыгерлер борборунун жетекчиси керектүү шарттарды түзүп, аракет жасап жатканын түшүнбөгөн Гүлү Нурматова жана Турсунай Топчубаева баштаган топ Компаниядан дагы бир жардам алчу болсо, кайра келээрин билдиришкен. Бул тууралуу дарыгерлер борборунун жетекчиси ИИБнун Үч-Коргон бөлүмүнө арыз менен кайрылып, бул атуулдарга мыйзам чегинде чара көрүүну суранган. Үч-Коргон милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү аталган фактыны жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгеринен түшкөн арызды тастыктады.
Айылдын тургундарынын айтымында, Z-Explorer компаниясынан кандайдыр бир жардам алгандардын барына жогоруда аталган аялдардын тобу ушундай мамиле кылып жатышат. Алар жергиликтүү тургундарды каршылык акцияга чыгаруу максатында айылдардагы үйлөрдү кыдырышкан. Тургундар каршылык акцияларга катышуудан баш тартышса жана компанияга колдоолорун билдиришсе, алардын үйлөрүн өрттөп, өзүлөрүн айылдан көчүрүп, дене боюна зыян келтиребиз деп коркутушат. Аталган аялдардын тобу мындай иштерин улантып жатышат, алар аймактагы шарттарды жакшыртууга каршы болсо, кандай кызыкчыларды көздөшөт?

Асылбек Тажибаев, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы