Ош окуясынын болуп өткөнүнө 3 жыл болуптур. Мезгил өткөнүнө карабастан ошол кайгылуу окуянын элеси дагы эле элибиздин эсинде. Кыргыз элибизде мындай окуя кайталанбасын. Албетте, бул окуянын болушуна кимдерге гана күнөө такпадык. Кыргыз эли өзүбүз бийлик, байлык, мансап талашып, ынтымагыбызды ыдыратып аткансыйбыз. Ынтымактын жоктугубу же «Жамандын төрүн, коногу бийлейт» болуп кеттиби, айтор Кыргызстанды бөлүп жаруу үчүн көзгө көрүнбөй тымызын аракет кылган күчтөрдүн таасири же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн мындай иштерге барып жаткандыгыбыз байкалып эле турат. Канткен күндө да биз Кыргызстан мамлекети болуп туруп, улуттар аралык касташууга эч качан жол бербешибиз керек. Илгеркилердин сөзү бар го, «Ынтымаксыз үйдө, береке болбойт» деген. Ушул сыңарындай ушул Ош окуясы мамлекет үчүн, эл үчүн чоң зыянын тийгизди. Бул деген мамлекеттин берекеси кетти, байманалуу Оштун куну учту. Бирок, бүгүнкү күндөгү Ош шаары калыбына келтирилди. Бирок, бул үчүн канчалаган каражат, эмгек жумшалды. Ошондуктан кыргыз элине кайрылаар элем. Ылайым өлкөбүздө дайым тынчтык болсун! Ар түрдүү тукурууларга жол бербей, тескерисинче эгемендүү мамлекетибиздин гүлдөп, өнүгүп өсүшүнө кол кабыш кылалы! Бул үчүн биз тараптан ынтымактык керек. Ошондо гана өлкөбүзгө береке келип, куттуу жергебизге кут конооруна ишенемин.
Кутбилла ажы Зикиряев,
Кадамжай шаары
Нравится
[poll id=”3″]