КООМ

Улгайгандарга урмат көрсөтөбүз

el_kdm_0012013-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” деген темадагы бир айлыгы жөнүндө раймамадминистрациянын буйругу чыккан. Бир айлыктын жүрүшүндө жер-жерлерде улгайган инсандарыбызга ар тараптан колдоо көрсөтүлүп жатат. Алсак, жакында Кадамжай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын айыл өкмөттөрдөгү 12 соц адиске кан басымды өлчөөчү аппараттар тапшырылды. Жалпы суммасы 33 миң сомдук бул аппараттар “Финка” микрокредиттик компаниясынын Кадамжай районунундагы филиалы тарабынан көрсөтүлдү. Эми мындан ары бул аппарат менен соц адистер ушул улгайган адамдарыбыздын кан басымын тез-тез текшерип тура алышат.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы