КООМ

ЖЕТЕКЧИЛЕР ЭЛ АРАСЫНДА

el_kdm_001
Жер-жерлердеги көйгөйлөрдү жайында угуп, аларды чечүү максатында өткөн жумада облус башчысы Жеңиш Раззаков Кадамжай районунда иш сапары менен болду. Аны менен район жетекчиси Акрам Мадумаров кошо жүрдү. Ошондой эле айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын жана бардык мекемелердин облустук жана райондук жетекчилери да бул күнү журт арасында болуп, эл тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.
Сапардын жүрүшү алгач Алга айылындагы Кадамжай аймактык ооруканасынын Яркутан бөлүмүнөн башталды. Айыл жериндеги бул эмканада эң зарыл болгон балдар, төрөткана сыяктуу бөлүмдөрдүн иштеп жаткандыгына жетекчилер тарабынан терең ыраазычылыктар айтылды. Бул жердеги абал менен жакындан таанышкан соң, АРИС уюмунун колдоосу жана элдик ашар ыкмасы менен бүткөрүлгөн айылдагы спорт сарайына бет алдык. Жергиликтүү эл мындагы шахмат, теннис өңдүү оюндарга керектелүүчү атайын эмеректердин жетишпестигин, ушул жагынан жардам берилсе жакшы болоорлугун белгилешти.
Алга айыл округунун кеңсесинде болгон жетекчилер менен айыл элинин жолугушуусу да маңдай-тескей олтуруп, пикир алмашуу кырдаалында өттү. Жыл сайын эле жазгы талаа жумуштары башталганда күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткенине дыйкандар тынчсызданышып, бул маселени оңдуу чечилишин көзөмөлдөөнү суранышты. Облус жетекчиси бул багытта атайын ишканалар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн, Пүлгөн айылында күйүчү майды арзан баада сатуучу атайын жай курулуп жаткандыгын билдирип, жаңыдан бүткөрүлгөн жолдун эки тарабына да жакын арада ушундай жайлар курулаарын айтты.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мындан ары жер-жерлерге чыгып, элдин суроо-талаптарын жеринде чече тургандыгы да айтылды.

КЫРГЫЗ-КЫШТАКТА КӨЙГӨЙ КӨП

Түштөн кийин сапарыбыз Кыргыз-Кыштак айылында улантылды. Жетекчилер бул жердеги суу өткөн каналдагы көйгөйлөрдү көрүп, Умай энедеги эс алуучулардан кабар алышты.
Бул жердеги маданият үйүндөгү жолугушууга да 7 миң 264 калкы бар айылдын жаш-карысы тегиз келишти. Алга аймак башчысы кызматына жаңыдан киришкен Кутман Коргонбаев эл менен бийликтин ортосундагы мамилеге данакер болгусу келгендигин айтып, алдыдагы максаттары тууралуу баяндап берди.
Ал эми мындагы жергиликтүү калк суунун тартыштыгын, күздүк эгиндер али бир жолу сугарыла электигин айтып, тынчсызданышты. Мурда Өзбекстандын суу сактагычынан суу алынгандыгын, азыр да ошол мураптар менен жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул маселени чечсе болот деген сунуштар да эл тарабынан айтылды.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын жетекчиси Айдар Асамидинов мурда 500 гектар жерге эгилген шалы аянттары азыр 5 эсеге көбөйгөндүгүн, башкача айтканда учурда эки жарым миң гектар аянтка жеткендигин айтты. Ошондон улам пайда болгон суу тартыштыгын жоюу үчүн тез аранын ичинде кошумча канал куруунун зарылдыгын белгиледи.
Айылда чек ара маселеси да негизги көйгөйлөрдөн. Кошуна өзбек эли Кыргызстандын жерлерин кысып, кирип келе жаткандыгы жакшы жышаандын белгиси эмес. Ошондуктан чек арага жакын жайгашкан элдин үлүш жерлерине мамлекет тарабынан жардам берилсе деген ой-пикирлер да баяндалды.
Ал эми Кыргыз-Кыштак аймагындагы каналда да көйгөйлөр өтө эле көп. Кыш мезгилинде суу ашып, каналдын кээ бир жерлери жарактан чыккан. Каналдын үстүнө эле жеке ишкерлер тарабынан ашканалар курулуп жаткандыгын, кыш бою анын астынан өткөн суулар тоңуп, эл бир топ түйшүк тартканын айткан жергиликтүү калк мындай окуяларды катуу көзөмөлгө алууну өтүнүштү.
Жыйындын соңунда айыл аксакалы Курбан Коргонбаев элдин ал-абалынан кабар алганы келген бардык жетекчилерге жалпы журттун атынан терең ыраазылык билдирип, аксакалдар ак баталарын берип узатышты.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы