КООМ

Кичи мекенибиз – Кадамжай аймагы коркунучтабы?

el_kdm_001
Эгер билсек «ааламга жол айылдан башталат» – деген сөз бар. Айылым, кичи мекеним же болбосом киндик кан тамган жерим деген сөздү укканда ар бир адамдын көз алдына туулган жеринин портрети тартылат. Андагы кырдын эки бетине жайгашкан үйлөр, анын жанына жанаша орун алган короо-сарайлар, тагынган топчудай болгон тоо-таштары жана ошондой эле шаркырап аккан булбулдун үнүн коштоп жарышкан, шарактап таштан ташка урунган суулар өзүнчө эле айылдын симфониясы десем жаңылышпайм. Айылда жашоо кандай керемет. Тып-тынч, абасы салкын, таза жадагалса чымындын кыңылдап кыяк чертип учканы да угулчуудай. Мына ошол бейиш өңдүү айылдын таза абасынан кере-кере дем алып, шарактап аккан айтылуу Исфайрам дарыясына күнүгө эки ирет барып жуунуп сергип алып, андагы жашаган адамдардын сыпаа мамилеси бир туугандай болуп бири – бири менен жашаганын көрүп айылда жашаганга не жетсин дейсин?

Кыргызстан мекеним Орто Азия мамлекеттеринин арасынан өтө кооз, өз байлыгы өзүндө болуп жайгашкан экен. Бул айтылган сөз аша чапкандык болбос. Анткени кызыл китепке алынган дүйнө жүзүндө сейрек кездешүүчү айтылуу “Айгүл гүлү”, Көл бермети Ысык-Көл, Арслан -Бап жаңгак токою, алтын кендерибиз түркүн түрдүү жана башка ушулар өңдүү ооз толтуруп айтып болгус сыймыктарыбыз аз эмес…

Эми мен айткым келип турган нерсе бул ошол эле канча жылдан бери баш аягы жок чырга айланган алтын кени. Баарыбызга белгилүү Шамбесай проекти жакында ачылуу алдында турган убак. Бирок негизинен алып караганда кандай жакшы сен жашаган жерден алтын чыкса. Ойлойсуңда адамдардын жашоо турмушу оңолот, жаштар арасында жумушсуздук жоюлат, жолдорубуз оңдолот мектептер курулат жаңы-жаңы жана башка ушул сыяктуу көптөгөн жакшы ойлор пайда болот. Бирок тилекке каршы биздин өлкөнүн алтын кендери, жеке эле алтын кени эмес бардык киреше алып келе турган булактардын көзү мамлекетти карай эмес, башка эле бир тунгуюк, белгисиз жактарга карап агып кетип жатпайбы? Албетте бул мамлекет үчүн, анда жашаган элдер үчүн абдан окүнүчтүү нерсе.

Мейли дейличи жардамы тийбесе койсун, эки миң эки жүз жылдан бери келаткан бир ууч кыргыз ушул күнгө дейре эч кандай алтындын жардамысыз эле күн кечирип келет. Канчалаган кылымдарды баштан өткөргөн Улуу Манас атабыздын урпагы кыргыздар арзыбаган алтындын айынан, андан чыккан радиациянын кесепетинен ууланып жок болуп кетүү коркунучунда турабы деген ой бийикте олтурган атка минээрлердин оюна келди бекен деген суроо туулат. Ошол эле Кумтөр алтын кени, Ысык-Көл областынын Барскоон айылынан 60 километрдей алыска жайгашып, а бирок ошончо алыс экенине карабай ушул күндө да мал-жандыктар, бак-дарактарга гана эмес айылдын жашоочуларына залакасын тийгизип , кээ бирөөлөр ден-соолуктарынан бүтүндөй ажырап, ал эми кээ бирөөлөр такыр бала көрбөй тукумсуздукка кабылып, бөбөктөр болсо мунжу туулуп жатканы биз айтпасакта ачуу чындык. Бул нерселердин ар бирин ойлосоң «ээ дүйнөгө жаралбай эле койбопмун»- деген ойлорда келиши мүмкүн. Алакандай болгон мамлекетибиздин кичинекей тагдыры, башка АКШ же болбосом Россия Федерациясыныкынанда чоң болуп кетти…
Ушул зыяндуулуктан жабыркаган, какшаган элдин каңырыгы кара ташты жарчудай болсо да эмнегедир ага эч ким көңүл бурбай тек гана көзүн жумуп коюп жатышат. Же эмне мекен үчүн күйгөн бир да жан жокпу?

Кадамжай районунун Майдан айылынын жана жалпы эле Майдан айылдык округунун эли ошондой эле бул аймакка жакын жашаган элдер, ушул жогоруда мен айтып өткөндөй нерселерди ойлоп тынчы кетип жаткан убак. Эгер ушул кен ачылса жашоо оңолот, жаштар көбүн эсе жумуш менен камсыз болот, мектептериңер оңдолот, бала-бакчалар салынат дейт. Эгер радиацияга ууланып, мунжулар көбөйүп, баласы жоктор ыйлакташып жатса. Асфальт жолдордо тыкылдап, орусча айтканда «солидный» кийинип, мыкты мектепте баласыздар мунжуларды көтөрүп барып окутса бул кандай келечек. Мындан канчалаган жылдар илгери Чаувай шаарчасында сымап кени иштетилип турган, бирок Союз таркаары менен алда мамлекеттин шылуундарынын тузагына туш болуп таланып, тонолуп азыр заводдун өзү тургай орду да билинбей калган. Ошол сымаптын иштелип чыккан калдыктары, элдин тили менен айтканда, күйгөн таштар жаан-чачында агып түшүп, сууга аралашып, а ошол суудан элдер пайдаланып жөн эле эмес тамак-ашка да, мына ошонун кесепетинен жашаган элдер ушул күнгө дейре жабыркап келет. Мен өзүмдүн кесибим медик катары ушул айылда эки колу жок төрөлгөн кызды көргөм. Анын апасынан кызыгып сурап көргөнүмдө, ал мага «ошол радиациянын кесепети деп ойлойм»-деп айткан…

Бул эми канчалаган жылдар мурда иштетилип болгон нерсе. Мындай нерсе кимдин көөнүнө жагат? Же эгер кен иштесе «элге зыяны тийет»-деп, башка жакка көчүрүп койсо, анда өз туулган эли-жерин таштап ким бөтөн жерге баргысы келет. Анткени ал жерде деген киндик каны калган го. Ал эле эмес бешене терин куюлтуп жасаган эмгеги арзыбаган алтындын радиациясына айланып кала беришин ким каалайт эле. Канчалаган Улуу апаат согуштарда элим, жерим, мекеним, ата-журтум, элимдин бейпил турмушу үчүн алгаа деп, биз үчүн кан-жанын аябаган ата-бабалардын эмгегин унутуп, биз эмне эле манкурт болуп баратабыз.
Элим менен кыргызмын,
Жерим менен кыргызмын,
Кылымдан-кылымга өткөн үрп-адатым.
Салт-санаам менен кыргызмын – деп айтууга дареметибиз калбай баратат. Анткени Бир ууч талкандай болгон кыргыз эли бүгүнкү күндө жок болуп кетүү коркунучунда турат. Майдан айылына ачылууну көздөп турган алтын кени Кадамжай аймагын кууратчу болсо, ал эми Кумтөрчү ал бүткүл Орто Азияны түп тамыры менен тып-тыйпыл кылабы? «Бир карынды бир гумалак чиритиптир»- дегендей, Орто Азияны да өзүбүзгө кошо жок кылып анан жаныбыз тынчуудайбызго.

Башта айткандай шарактап аккан сууну ичеерде, ошол суу агын болсо да, канчалык мүрөк суусу болсо да, тээ ортосуна кечип барып ичкин келет. Бирок эгер ал суу кандай жерден агып келгенин эстегенде кудум эле алтындын калдыктарын, таштандыларын агызып келип аткандай болуп көрүнүп калат го көзүңө. Демек аны ичмек турсун кечип же жанынан өткөнда кооптуубу? Мындай мисалдарды айта берсек учу-кыйыры жок томдуу романга айланат.

Андыктан күнөстүү, ыйык, бейиш өңдүү, койну кең, акак шуру өңдүү тоо-таштуу, арча токойлуу, көз жоосун алган, көргөндү суктандырган туулуп өскөн мекенибизди, анда баштарынан бактылуу өмүр кечирип жаткан, бейпил турмуштун кучагына бөлөнгөн, кооз жаратылышынын гүлдөрүн оронгон эли-жерибизди АРЗЫБАГАН АЛТЫНГА алмаштырып манкурт болбой, эр жүрөк, мекенчил эл-журтту көз көрүнөө көрмөксөнгө алып тепселебеген калк кадырын сыйлаган бололу.

Сөзүмдүн аягында бүт журтчулукка кайрылат элем, улуу жазуучубуз кыргызды дүйнөгө тааныткан Чынгыз Айтматов атабыздын чыгармасында Бугу энеге айтылгандай:
-Эй Бугу Эне адам баласынын тукуму өзүнө душман болот дегени туура белем. Анткени адам баласы барган сайын, күн санап эле мыкаачы, жырткычка айланып баратат. Жер Энеде жашаган бүт баарына кыянаттык кылып ошондо айтылган сөздүн үстүнөн чыгып жаткандай.

Ошондуктан табият менен таттуу мамиледе болуп, ага кыянаттык кылып, анын каргышына калуудан сактанып, ага эле эмес анын эл-журтуна аяр мамиле жасап жүрсөк деген гана тилегим бар.

Тешебаева Назгүл
Кадамжай району, Каражыгач айылы

7 Пикирлер

  1. алакандай кыргыз эли ушунтип таштандыларга айланбасак болгону радиация кесепети кылымдан кылымга ототурган нерсе

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы