Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндөгү” мыйзамдарынын талаптарынын аткарылуусу боюнча Кадамжай шаар башкаруусунда текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүү мезгилинде, шаар башкаруусунун аймагында кутурма жана башка жугуштуу оорусу менен күрөшүүнү күчөтүү жетишээрлик деңгээлде аткарылбай жаткандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышпай, мыйзамдын талаптарына ылайык жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды тиешелүү деңгээлде аткарышкан эмес. Натыйжада Кадамжай шаар башкаруусунун аймагында кутурма оорусунун көбөйүшү, жугуштуу оорулардын таралышы күч алган.
КРнын “Ветеринария жөнүндөгү” Мыйзамынын 15-ст. көрсөтүлгөн “Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына – жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ооруларынын очогун жок кылганда жаныбарларды бөлөк багуу же жаныбарлардан алынган азыктарды, тоюттарды жана тоюттук кошулмаларды өзүнчө алып коюу, эпизоотияга каршы атайын комиссияларды түзүү, карантин киргизүү жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын таралышын болтурбоого жана жоюуга арналган дагы башка чектөөчү иш-чараларды киргизүү” – деп көрсөтүлгөн талаптары аткарылбаган.
Ошондой эле, жогоруда аталган мыйзамынын 8-ст. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларга караштуу аймактагы мал чарбасынын эпизоотиялык ыңгайлуу абалын камсыз кылуу.
Жаныбарлардын ден соолугун коргоону, жугуштуу оорулардын чыгышын жана таралышын болтурбоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу.
Ветеринариялык-санитардык жана алдын алуу иш-чараларын иштеп чыгуу жана аны аткарууга көмөк көрсөтүү.
Жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын чыгуу коркунучу болгон же ал аныкталган учурларда чектөө жана кайтаруу-карантин чараларын киргизүү жана алып салуу.
Ага караштуу аймакка жаныбарлардын жугуштуу оорусунун тароо коркунучу туулгандыгы же оорунун белгилери белгиленген учурлар жана анын алдын алуу жана жоюу чаралары жөнүндө калкка кабарлоо милдеттүү”- деп көрсөтүлгөн талаптары одоно түрдө бузулган.
Демек, тийиштүү деңгээлде контролдун жоктугунан жана милдеттерди так аткарбагандыктын кесепетинен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптары да аткарылбай жатат. Кадамжайда эле эмес, бүгүнкү күндө районубуздун бардык аймактарында бул көйгөй курч бойдон турат. Ошондуктан биз тараптан райондогу бардык айыл округдардын башчыларына бул туурасында эскертилди.
М. Жапаров,
Кадамжай райондук прокурору,
юстициянын 1-класстагы кеңешчиси