USAID жергиликтүү өнүгүү программасы көптөгөн чакан жана ири долбоорлор менен иштөөгө жакшы өбөлгө түзүп келет. Атап айтсак, жакында USAID тарабынан Кадамжай шаарында айыл чарбасын өнүктүрүү максатында өрүк тазалоочу цех курулду. Бул цехтин салтанаттуу ачылуу аземине USAIDдин Кыргызстандагы өнөр жайы боюнча кеңешчиси С.Форрест, Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Ж.М.Исаков, долбоордун жетекчиси М.Асранкулов жана шаардын тургундары катышты.
Салтанттуу аземди М.Асранкулов ачып, цехтин максаты жөнүндө кеңири баяндама берди. Негизинен өрүктү колдо тазалап, сорттоп, упаковкалап жүргөн кезде, биздин кыйналганыбызды, иш жасап жатканыбызды көрүп, USAID колдоого алып, жардамын аябаганын бидирди. Цехти куруу үчүн USAID тарабынан 3 млн 906 миң сом бөлүнсө, М.Асранкуловдун өзүнүн каражатынан 20 пайызы башкача айтканда, 751 миң сом сарпталгандыгын айтты.
Сөз кезеги Ж.Исаковго берилип, айыл чарбасын өнүктүрүүдө, элдин муктаждыктарын колдоодо, мындай жигердүү иш жасаган, колдоо көрсөткөн USAIDдин кызматкерлерине жана С.Форрест мырзага терең ыраазычылык билдирди.
Андан кийин С.Форрест мырзага сөз берилди. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын айыл чарбасын өнүтүрүүдө биз тараптан кандай колдоолор керек болсо, колдон келген жардамдарын беришерин жашырбады.
Андан ары цехтин тушоосу кесилип, салтанаттуу аземдин катышуучулары иштеп жаткан цехтин иши менен таанышышты.
Асылбек Тажибаев, атайын кабарчы