Баткен облусунун Кадамжай районунда жазгы талаа иштери жаан-чачынга байланыштуу кечеңдеп жатат. Райондук айыл чарба департаментинин башкы адиси Бахадыр Алиевдин маалыматы боюнча, 485 гектар аянтка жазгы буудай себилген. Жаздык кылкандуу дан себүү 1 420 гектар аянтка пландалган.
Ал эми 571 га аянтка көчөт отургузулган. Жазгы талаа жумуштары уланууда.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы