Туулуп өскөн жерим тууралуу канча айтсамда тажабаймын, себеби: бейиш өңдүү , киндик каным төгүлгөн аймагым жөнүндө канчалаган алтын сөздөр айтылсада аздык кылат деп ойлойм.
Сөздүн астында дагы сөз жатат дегендей айтылуу Исфайрам дарыясын бойлой жайгашкан, ал суу аркылуу канчалаган элдер, Жер Эне жашоо кечирип келет. Демек ошондой айтып бүткүс ардактуу, алтын аралашып, ичинде балык ойногон аккан суунун кадырына жете албай ага кыянат мамиле жасап, дарыяны бойлой жашаган эл тагдырын кыл көпүрөөнүн үстүнө койгон бул өз эли, өз жери үчүн душман болгондор.
Кээде туруп Мамлекетибиздин жарды болгонуна жаным кейийт. Анткени эң эле жөнөкөй бир мисал мектептерде кышкы мезгилде окуганга такыр шарт болбой күндүн суугуна карабай билим алууну көздөгөн окуучулар мектептен аягын үзүшпөйт. Бул нерсе менен айтайын дегеним учурдун маселеси болуп жаткан баягы-баягы элэ Кадамжай аймагын ойго салган Шамбесай проектиси. Айласы кеткен компания элди кантип көңүлүн өзүнө буруунун дагы бир жолун ойлоп тапкандай. Ары ойлонуп бери ойлонуп, анан акыры караса мектептерде кышкы мезгилде эң орчундуу маселелердин бири класстарды жылытуу. Тактап айтсам Союз мезгили таркагандан бери эч бир мектептерде дегеле мекеме иш каналарда мамлекеттин карамагындагы жылытуу системалары иштемек турсун кээбирлеринде алардын орду гана калган. Компания мына ошого көзү жетип мектептерге паравой отопления системаларын куруп окуучуларга жылуу жерде окушуна шарт түзүп берди. Карап туруп макул болуп, анан булар элди алдап көнүн алыш үчүн алтын кенин ачуунун жолун ойлоп жасап жатканын көрүп кыжырың кайнайт.
Жогоруда айтылган нерселерди сөз ээсин табат дегендей кайсы айылдардагы, кайсы мектептерге орнотконун жана кайсы мектептер макул болуп ошону жасатканын ачык айтуунун кажети жок, себеби мен башта айткандай мамлекеттин жардылыгынан улам айласы куруган мектеп башчылары бул ишке макул болгон деп ойлойм. Анткени, педагог калкынын эң башкы милдети бул балдарга татыктуу тарбия берүү болуп саналат. А эгерде окутууга шарт жок болсо, алар кайдагы тарбияны тартуу кыла алышат.Бирок компания бул иштерди гана эмес, мындан башка алдыда боло турган бүтүрүүчү класстардын мамлекеттик тестирлөөсүнө да кам көрүп жатат деген имиштер бар.Анда кайсы предмет боюнча тест өтө турган болсо, ошол предметтин ээси мугалимге компания белгилүү бир өлчөмдө акча каражатын төлөп анан окуучуларды ошол сабак боюнча даярдап жатышат деген сөздөр бар.
Малекеттик тестирлөө программасы пайда болгонуна канча жылдар болду. Ушул күнгө чейин эч кандай компаниялардын жардамысыз эле окуучулар өз күчү, акылына таянып эң мыкты окуу жайларга өтүп билим алып жүрүшөт. Демек муну да элди алдап көөнүн алуунун дагы бир жолу деп билсек болобу.
Ушундай, дагы буга окшогон биз билген билбеген жашыруун жасап жаткан нерселери канча булардын.Акчаларын асманга карай сапырып элдин макулдугун алууну көздөгөн алтынчылар, аркандай жолдорду ойлоп талыкпай ой жүгүртүү менен алек болуп жаткандай.Дагы айтакетчүү нерсе жогоруда мен айткан тестирлөө боюнча алардын акчасынан баш тарткан окуучулар, кайсы бир мектептерде бар экен. Демек бул нерсени көкүрөк кагып сыймыктануу менен айтсам болот. Биздин аймактын жаш патриоттору мына ушулар деп.
Кенчилер кандай жолдорду ойлобосун , эл тагдырын кыл көпүрөөгө койбосун эл эч качан алданбайт, туулуп өскөн жерин арзыбаган алтынга алмаштырбайт. А бирок өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман дегендей, биздин өзүбүздүн чоңдорубуз алтынчыларга алданып калып жүргөн болбосун. Кантседа аларга эл өз ишеничин артып, көрсөтүп эл жер үчүн иштеп, бакубат жашоо, бейкут турмуш тартуулайт деп ишенип жүргөндөрүн эсинен чыгарышпаса. Биздин кыргыз элибиздин улуу кичүү, жаш карысы, тээ илгертен Манас баатыр атабыз патриот болгон бүгүнкү күндө да ошондой эл жер үчүн жанын аянбаган уул кыздар жок эместир. Кадамжай аймагына караштуу жакын жайгашкан айылдардын,
айтылуу Исфайрам жээгин бойлой жашаган элдин тагдырын кыл көпүрөөнүн үстүндө калышына жол бербейт деген ишеничтемин. Шамбесай алтын кенинин алтынчыларынын бул иштери элге болгон камкордукпу же алдамчылыкпы???
0 42