ЭКОНОМИКА

Адам укугу бузулдубу же…….

el_kdm_00145 жылдан бери айыл чарба тармагында иштеген, агроном, учурда жеке ишкер айым Райхан Салиева адамдык укугу бузулгандыгын айтат:
Мен Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда жергиликтүү дыйкандарды арзан жана ден-соолукка зыяны жок органикалык жер семирткичтер жана биопрепараттар менен камсыздантып туруучу биолаборатория куруу боюнча КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигине, КР премьер-министри Ж. Сатыбалдиевге жана КРнын экономика министлигине сунуш кат менен кайрылганмын. Бул маселе боюнча КРнын Өкмөтүнүн Баткен облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Раззаковда Премьер-министрге сунуш жөнөткөн. 5 тоннадан ашык биогумус даярдап аз да болсо жумушум жүрүп жатат.
Ушул маселеге долбоор, инвесторлор менен иштөө боюнча Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башкы адиси Алиев Бахыдырга кирдим. Мен кирерим менен келген максатым менен таанышбай, уят сөздөр менен тилдеп, «Өлтүрүп коем, биогумусун жок, гезиттерде жалган маалымат таратып жатасың, билими жок, эшек мээсин, министрликтерди акчага сатып алгансың»деп тилдеп, канаасынан чыгарып жиберди. Анан мен болгон ишке түшүнбөй, айыл чарба адамы болгондуктан укугумду талап кылсам. «Сен Токто Илиязованын тынчын алып жатасың, (Кадамжай районунун акиминин орун басары) сен аралашба» деп ургулап, чыгарып жиберди. Мен билип турам Токто атайын мага бул адамды салган. 8-мартка карата Баткен облусу боюнча аялдарды сыйлоодо атайын мени алдап алып барышып, орустун атындагы сыйлыкты мага бердиртишти. Ишермердүүлүгүмө бут тосуп жатат-дейт Райхан Салиева.
Ал эми Кадамжай районунун акиминин орун басары Т. Илиязова бул иштерден кабары жоктугун, сотко берип чечип алсын деген жообун айтты.
Бул окуяга күбө болгон «Баткен таңы» гезитинин кабарчысы Ш. Эгембердиева жок жерден уруш чыгарган Р. Салиеванын өзүнөн айып кетти деп эсептейт.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы