Кадамжай району боюнча 614,0 миң гектар жер бар. Анын 35 пайызы жайыттар эсептелинет. Калкыбыздын көпчүлүк бөлүгү мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет. Фермерлер жана дыйкандар техникалык жактан 648 трактор менен камсыз болушкан. Мал чарбачылыгын жөнгө салууда жайлоолордун абалы чоң роль ойнойт. Ошондуктан азыркы күндө 13 жайыт комитеттери уюушулуп, үзүрлүү иштеп жатышат.
Андан тышкары малдардын пародаларын өркүндөтүүчү 8 пункт, 15 үрөнчүлүк чарбалардын иштеп жаткан кези. Алар жакшы жетишкендиктер менен үстүбүздөгү жылды жыйынтыктап жатышат. Алсак, аймактагы Марказ жайыт комитетин П.Касымов жетектейт. Ал жайлоого чыгуучу Кожокайыр-Дүңгүрөктүн 7,5км жолун, 1 көпүрөөнү Майдан-Тамаша жолунун 20 км оңдотту. Натыйжада 400,0 миң сомдон ашык иш аткарган.
Жайыт акыларын топтоодо да алдыңкы орундарды ээлеп келе жатат.
Жалпы район боюнча малдарды жасалма уруктандыруучу 9 пункт бар. Аларда иштөөчүлөр ноябрь айында атайын окуудан өтүшкөн. Жыйынтыгында 10 адам атайын сертификатка ээ болду.
Гранттык каржылоо берүү боюнча министрликтин атайын буйругу менен 21 ветеринардык адиске муздаткыч, вет.шаймандар, кийимдер жана вакциналар тапшырылды. Анын жалпы суммасы 21,0 миң долларды түздү.
Бул колдоо биз үчүн өтө пайдалуу болду. Себеби, ветеринардык кызмат көрсөтүү сапаттуу жана көлөмдүү болсо эт, сүт, май да көп болору талашсыз. Дыйкан-фермерлер, кооперативдер, үрөнчүлүк чарбалар жана СПАлар бул жылда дан өсүмдүктөрүн өндүрүүдө малга тоют даярдоодо жакшы ийгиликтерди жаратышты. Натыйжада 12697 тн кылкандуу дан, 24030 тн дандык жүгөрү, 5966 тн шалы, 1313тн дан буурчак, 23550 тн жашылча, 14261 тн картошка, 1695 тн май өсүмдүгү 2520 тн бахча жана башка мөмө жемиштер өндүрүлгөн.
Ал эми өткөн жылга салыштырганда буудай 4312 тн, картошка 1116 тн аз өндүрүлгөн. Бул аба-ырайынын башкача айтканда кыштын эрте кирип, жаздын кеч келгендигине байланыштуу болуп, белгиленген өлчөмдө эгилбей калган.
Бүгүнкү күндө базарда буудайдын орточо баасы 16-18 сом, арпа 18 сом, күнжара 26 сом, кызыл алма 30 сом, помидор 100 сом, бадыраң 60 сом, пияз 13 сом, картошка 20 сом болууда.
Жогорудагы базар баалары көрсөтүп тургандай дыйкандарга 2013-жылда кайсы эгиндерди эгүү пайдалуулугу боюнча семинар-кеңешмелерди өткөрүүнү пландаштыруудабыз. Бул биздин жаңы жылдан аткара турган негизги иш аракетибиз болмокчу. Айыл чарбасын мамлекеттик колдоо боюнча жеңилдетилген кредиттер, айыл банктан тракторлор берилип жатат. Учурда айыл чарбасында ар түрдүү маркадагы 648 тракторлор кызмат көрсөтүшүүдө. 3 жаңы тех. сервис түзүлдү. 15 үрөнчүлүк чарбалар иштеп жатат. Түшүмдүүлүктү көтөрүү, жакшы сорттогу үрөндөр менен камсыздоо, техникаларды жаңылоо, балык чарбасын, топоздорду көбөйтүүнүн жолдору каралууда. Келерки жылы айыл чарбасын модернизациялоо, жогорку технологияларды колдонуу, айылдык инфраструктураны өркүндөтүү, жаңы иш орундарын түзүү биринчи кезектеги агрардык саясаттын маселелери болуп кала бермекчи.
Бул жылда райондогу 20 гектар жерге бадам өстүрүү белгиленип, бул багытта кызуу иштер жүрүүдө. Бул демилгени райондук агрардык өнүктүрүү башкармасы көтөрүп, 1927 даана бадам уругу алынып келинген. Азыр эгилген данектер кардын астында жазга чейин жатып, кардын нымдуулугу менен өнүп чыгат. Буйруса бул бадамдар көп жыл жашап, жергебизди көрктөнтүп тураары шексиз.
А.Асамидинов,
Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы