Мен 17-18 жылдан бери айыл-чарбасынын артка кеткендигине бир чети көңүлүм ооруп, бир чети көтөрүүнүн амалын издеп кыйналып жүрөм. Бардыгыбызга сыр эмес Советтик Союз ыдыраганга чейин, эт, сүт, кант-кызылча өстүрүү боюнча СССРде Кыргызстан эң алдыңкы орунда болуп, СССРдин күзгүсү болуп келген. Союз тараганга чейин кант-кызылчасы 1 гектарына 700-750 центнерден, буудай 70-80 центнер, картошка 400-500 центнер, силос 1000-1200 центнер, жашылча 400-500 центнер, жүгөрү 180-200 центнер жана башка айыл-чарба өсүмдүктөрү жогорку көрсөткүчтө түшүм берип турган эле. Кантип жогорудагы жогорку түшүмдүүлүккө жетишилген деген суроо туулушу мүмкүн. Ал мезгилде айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн сортуулугу эң жогору болгон, жерди сөзсүз которуштуруп айдоо, туура суугаруу, жер семирткичтери ар бир өсүмдүккө өзүнүн нормасы менен берүү, агротехникалык эрежелерди туура пайдалануу, зыянкечтерге каршы туура химикаттарды колдонуу, катар-аралыктарын туура иштетүү, түшүмдү өз убагында техникалардын жардамында жыйнап алуу сыяктуу эрежелерди туура пайдаланышкан. Биздин айыл-чарба продукциясы Кыргызстандын экономикасынын 70-75% көтөрүп турган. Союз ыдырагандан кийин Кыргыз элинин туңгуч президенти Аскар Акаев, айыл-чарба министри Бекболот Толгорбековтор АКШ мамлекетинин жер реформаторлорунун алдоо көрсөтмөлөрүнө кирип, айыл-чарба мүлктөрүн туура эмес жол менен жер жана агрардык реформасын Кыргызстанга жарыялашкан жана кыргыз элинин кечиргис убалына калышты. Мына ошонун кесепетинен айыл-чарба көрсөткүчтөрү 50-60 пайызга аркага кетти. Дыйкандардын башында оор түйшүктөр көбөйө баштады. Жогоруда көрсөтүп кеткен түшүмдүүлүк жокко чыкты, буудайдан гектарына араңдан зорго 30-35 центнер, жашылчадан 120-130 центнер, силостон 250-260 центнер жана башка түшүмдүүлүк оозго аларлык эмес. Эми бул кыйынчылыктардан кантип чыгуунун жолдорун издеп көрөлүчү. Элибизде макал бар эмеспи «Кыдыңдаган кыр ашат», «Изденген ийгиликке жетет», «Адашканды оңдоого болот», «Аракеттин — арты берекет» сыяктуу макалдарды көз алдыбызга келтирип ар бирибиз жашоо үчүн изденишибиз керек болуп турат.
Мен дыйкандарга айтаарым, биз төмөнкү айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арттыруу усулдарына көңүл буруп көрөлүчү.
1. Которуштуруп айдоону пайдалануу;
2. Жерди туура тандоо;
3. Күзгү айдоону, малалоону туура жолго койуу;
4. Жерди эгүүгө өтө туура даярдоо;
5. Түшүмдүүлүгү жогору урукту тандоо;
6. Эгиндин катар аралыктарын туура иштөө;
7. Туура суугаруу;
8. Жер семирткичтерди туура пайдалануу;
9. Айыл-чарба зыянкечтерине өз убагында туура каражаттарды пайдалануу;
10. Түшүмдү өз убагында туура агротехникалардын жардамында жыйнап алууну колго алышыбыз керек.
Бирок, жогоруда айтып кетилген каражаттар, техникалар ушул күндө жокко эсе. Ошондуктан дыйкандар эң арзан каражаттардан, техникалардан пайдаланышыбыз керек. Аны үчүн эмне кылуубуз керек деген суроого жооп катары мен төмөнкүлөрдү айтаар элем:
1-ден биз күзгү айдоону өтө терең 30-40 см тереңдикте айдап, жердин үстүңкү катмарындагы өсүмдүк үчүн эң керектүү азык, заттар жердин астына түшүп өсүмдүктүн тамыры менен ага жетпей топурактагы азык заттар өсүмдүккө жетпей жатат. Ошон үчүн жерди 15-20 см тереңдикте эле айдообуз керек. Жердин бетиндеги азык-заттарды өсүмдүк толугу менен өзүнң алат. Жерди тегиз кылып малалоо керек себеби суну өсүмдүк бирдей ичет жана отоо чөптөр аз чыгат. Дыйкандар ушул күндөрдө эски түшүмдүүлүгү жок уруктарды эгип, түшүм ала албай жатышат. Ошондуктан түшүмдүүлүгү жогору урукту сөзсүз тандоо керек. Түшүмдүүлүк жок урукту эгип алыщып, канчалаган каражаттар сарпташып түшүмдүүлүк жок, банкрот болууда. М; 1 гектар жерге күздө 200 кг таза буудай уругун эгип каражат сарптасак, түшүмдүүлүктү 40-50центнерге жетет, ал эми эски уруктарды эгип каражаттарды сарптап олтурсак, 15-16 центнер түшүм берет. Эгилген картошка, пияз, помидор, буудай, көчөт жана башка эгиндерди сөзсүз кетмен менен чаап же култивация жасоо керек. Ар бир өсүмдүктүн өзүнө жараша суугаруу жолдору бар, ошондуктан тура суугаруу мол түшүм алууга өбөлгө түзөт. Эгилген эгиндерге жер семирткичтерди тура пайдаланып, өз убагында беришибиз керек. Эгерде жер семирткичтерди өз убагында, туура бербесек түшүм алалбайбыз. Эми бул жерде дыйкан менен жер ортосундагы жер семирткич чоң проблема болуп турат эмеспи.
Минералдык жер семирткичтер жок, баасы асманда эмне кылуу керек? Аның үчүн эң арзан, эң оңой, түшүмдүүлүктү жогорку көрсөткүчкө жеткирүү үчүн жаңы усул, түшүмдүүлүктү көтөрүү үчүн компос жана биолумустан пайдалануу керек. Эгерде биз слитра, калий, фосфор, магний, цинк жана башка минералдык жер семирткичтерден пайдаланып, 1 түп картошкадан 20-25 даана картошка, 1 түп жүгөрүдөн 2 баш сото, помидордон 30-35 даана помидор алсак. Ал эми компос же биогумустун жардамы менен бир салынган компос биогумус өзүнүн түшүмдүүлүк аракетини 3 жыл бою ушай алат жана 1 түп картошка уругу жаңы болсо 70-80 даанага, 1 түп жүгөрү 6-8 сото, 1 түп помидор 50-60 даана түшүм алат. Ошондой эле составында эч кандай нитрат жок экологиялык жактан эң таза продукция алабыз.
Кишинин организмине коркунуч коркунуч жасоочу заттар жок. Органикалык жер семирткич менен бышкан продукциялар менен кишилердин ден соолугу таза, оорубастан узак жыл жашаганга өбөлгө түзөт.
Биогумус жана компостун жардамы менен:
1.Жер кыртышындагы микроорганизмдерди көбөйтүү;
2.Жер кыртышынын асылдуулугун, температурасын кармоо;
3.Жердин нымдуулугун кармоо;
4.Жашылчалардын өсүшүнө, гүлдөшүнө, түшүм берүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп беришине чоң жардам берет.
Жогоруда көрсөтүлгөн эки усул дыйкандар үчүн жат сөз, бирок көпчүлүгү биле беришпейт. Бул усулдан пайдаланууну көпчүлүк дыйкандар жактыра беришпейт. Көк селитра алсак, оп-оңой эле түшүм алабыз дешет. Андай эмес, биз дыйкандар көптөгөн жылдар бою минералдык жер семирткичтерди пайдаланып, жер кыртышын толугу менен бузуп алдык. Ошентип олтуруп, жердин убалына калып жатабыз. Жашоонун эң баалуу тармагы топурактын составындагы микро, макро организмдер, жерде туз көп, жерде нымдуулук жок. Андан тышкары жердин аралашмасындагы калий, фосфор, азот, магний, цинк сыяктуу эң керектүү минералдык органикалык жер семирткичтери жокко эсе болуп калды. Ушул күндөгү айыл чарба министрлигинин эң олуттуу баскычы, айыл чарба тармагын толугу менен органикага өткөрүү керек болуп жатат. Айыл чарба тармагынын келечектүү өнүгүүсүнүн негизги багыты – органикалык табигый дыйканчылык. Азыркы учурда дүйнө коомчулугу жашыл экономиканы туруктуу өнүгүү жолу деп таанып жатат. Бүт дүйнө туруктуу өнүгүүнүн жолу катары «жашыл экономикага» багыт алууда.
Биздин өлкө экологиялык таза азыктарды дүйнөгө экспорттоочу жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн өнүктүрүүнүн регионалдык борбору болуп калышы керек. Кыргызстан экологиялык таза азыктар өлкөсү — бул биздин өлкөнүн артыкчылыгы жана дүйнөлүк рыноктогу биздин өзгөчөлүгүбүз болот-деп ишенемин.
Түшүмдүүлүктүн дагы бир проблемасы өсүмдүктөрдүн жалбырактарын, өзөгүнө, түшүмдүн ичине курттар кирип, сапатсыз түшүм алып жатабыз. Ушуга чейин айыл чарба өсүмдүктөрүн биз дыйкандар көптөгөн жылдар бою уулуу азыктар менен өстүрүп келдик. Уулуу заттарды эсепсиз пайдаландык. Ошентип олтуруп өсүмдүктөрдүн узак жашоосуна кол салдык жана адамдардын ден соолугун буздук. Химиялык уулуу заттардын кесепетинен:
1.Уулануу;
2.Баш оору;
3.Көңүл айлануу;
4.Териге чыккан бүдүр, кычышуу;
5.Химиялык күйүү;
6.Рак;
7.Адам жана жаныбарлардын тубаса кемчиликтери;
8.Өпкө, боор, бөйрөк оорулары;
9.Нерв оорулары болуп жаткандыгын турмуш айгинелеп турат.
Химиялык заттарды пайдалануудан келип чыккан кырсыктар, ууланууга же акырындык менен рак оорусуна алып келүү менен өмүрдү да алып жатат. «Анда эмне кылуу керек?»- деген суроо туулат. Азыркы мезгилде биз уулуу заттардан толугу менен пайдаланбастан чыгып кетүүгө негиз бар. Анда биз айыл чарба зыянкечтеринен уулуу зат эмес-микроорганизмдер жардамы менен же майда курттардын трихограмма, габрабракон, алтын көзчө, шумгуя, феромонная ловушка жана башка микротирикорганизмдердин жардамы менен зыянкечтерди жок кылса болот эле. Бирок, бул маселе чоң проблема болуп жатат. Бул проблеманы районубуздун жана жергиликтүү жетекчилердин жардамы менен ишке ашат деп ойлоймун. Мисалы, помидор, капуста, алма, жүгөрү жана башка өсүмдүктөрүнүн жалбырактарынын арт жагына март, апрель айларында көпөлөктөр сары тоголок жүздөгөн тукумдарын коюшат, анда бул жалбырактын артындагы сарык тукумду трихограмма куртуна чактырабыз, трихограмма 40-45% тукумду чагат. Калган 60% тукум личинкага айланса, жалбыракты жеп, түшүмдүүлүктү жоготуп жатат.
Мындай учурда эмне кылуу керек?
Биз тездик менен тукумдан чыккан личинканы жок кылуу үчүн гобрабракон аттуу куртту талаага алып коюп жиберебиз. Гобрабракон көпөлөктөрдүн тукумунан чыккан курттарына өзүнүн тукумун коёт. Койгон тукумдары 7 күндүн аралыгында личинкага айланып, зыянкеч курттарды өлтүрөт. Ал 40-45% жардам берет (тукумдан чыккан курттарды чагып өлтүрөт) Дагы эле 20 % курт калып, өсүмдүк зыянга учурайт.
Анда эмне кылуу керек?
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери же көпөлөктөр бири-бири менен жыт чыгаруу менен жыныстык катышууга барышат. Биз лаборатория шартында феромонная ловушка кутусун даярдап, талаага илип коёбуз. Ловушка эркек көпөлөктүн жынсый безине окшогон же клей сыяктуу суюктук сүртүлөт. Ургаачы көпөлөктөр эркек көпөлөктү издеп келип, клейге буту жабышып өлөт. Табиятта эркек көпөлөктөр өлүп, ургаачылары көбөйө албай, тукум коюу аз болот жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү экологиялык 100 пайыз таза жана 100 пайыз микроорганизмдердин жардамы менен таза продукция алабыз.
1 гектар жерге 2000-2500 сом менен уулуу зат сатып алсак, ал эми лабораторияга болгону 400-500 сом гана каражат сарпталат.
Дагы эмнени айткым келет?
Ошондуктан жерди семиртүү жана которуштуруп айдоо, жерди азот менен байытуу маселеси турат. Дыйканчылыктагы азот балансы жана чанактуу өсүмдүктөрдүн мааниси өтө чоң. Беде, буурчак, жасмык, тоют буурчагы, жер буурчак, төө буурчак, соя азотко өтө бай же абадан өзүнчө азот алат.
Мен эмнени айтаар элем?
Жерге такай эле картошка жана башка эгинди экпөө керек. Сөзсүз которуштуруп эгүүдө жогоруда көрсөтүлгөн эгиндерден пайдалануу керек. Мен сөзүмдүн акырында, түшүмдүүлктү көтөрүү өзүбүздүн колубузда демекчимин.
Райкан Салиева, агроном
Халмион айыл округу, Падхоз айылы.
Байланышуу телефону: +(996)772 831560