Жакында “Z-Explorer” компаниясы менен биргеликте жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү калктын өкүлдөрү «Шамбесай алтын кен» долбоорун талкуулашты.
Буга Кадамжай мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.К.Мадумаров, “Z-Explorer” ЖАКнун жана Майдан айыл округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын активисттери катышышты.
Жолугушууга КРнын Өкмөттүк Аппаратынын жер казынасын пайдалануу тармагынын жана Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү, чөлкөмдүк укук коргоо органдарынын башчылары, тоо-кен жаатындагы көз карандысыз эксперттер, Кадамжай районунун мамэпидемкөзөмөлүнүн санитардык-гигиеналык лабораториясынын эксперттери, ошондой эле “Z-Explorer” ЖАКнун өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү калктын тынчын алган негизги маселелер талкууланды. Алсак, райондун мамэпидкөзөмөл лабораториясынын башчысы, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын тапшырмасы менен өткөрүлгөн экологиялык мониторингдин натыйжалары менен тааныштырып өттү. Мониторингдин натыйжалары боюнча, деги радиациянын деңгээли жана Исфайрам дарыясындагы суунун сапаты КРнын учурда колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берет. Шамбесай долбоорунун мүдүрү Нур Айыпов курамында алтын бар кендерди иштетүү технологиясы, экологиялык көзөмөл чаралары жана долбоордун иши башталгандан кийин жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттерге түшө турган акча каражаттары жөнүндө айтып берди. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү КРнын “Жер казынасын пайдалануу жөнүндө” жаңы мыйзам боюнча уруксат берүү документтерин алуу жана бюджетке түшө турган төлөмдөр жөнүндө маселелерди тактап түшүндүрүп беришти. Алдын ала алынган эсеп боюнча, Шамбесай кени иштетилип жатканда Майдан айыл округунун бюджетине жыл сайын түшө турган төлөмдөрдүн көлөмү үч эсеге жогорулайт.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Акрам Мадумаров долбоорду жүзөгө ашыруунун натыйжасында жаңы жумуш орундары ачылып, бул аймактын социалдык-экономикалык абалын оңдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт -деп баса белгилеп өттү. Майдан айыл округунун башчысы жана айылдык кеңештин депутаттары мындан ары социалдык пакет жана айлана чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо маселелери тууралуу маалымат алмашып, мезгил-мезгили менен кеңешмелерди өткөрүп туруу зарылчылыгын белгилешти.
Тараптар “Z-Explorer” ЖАК кенди геологиялык жактан изилдөө, долбоордук документтерди даярдоо жана айлана-чөйрөнүн абалын баалоо боюнча иштерин уланта берүүсүн макулдашышты. Өз кезегинде компания жергиликтүү бийлик органдарына жана жашоочуларга аткарылып жаткан иштери боюнча маалымат берип, жергиликтүү жашоочуларды иш менен камсыз кылууга макулдугун берди.
«Эл жарчысы»
Нравится
[poll id=”8″]