ЭКОНОМИКА

Сурма комбинаты карызга батты

el_kdm_001Кадамжай сурма комбинаты электр энергиясына төлөбөгөндүктөн карызы көбөйүп кеткен. «Ош электр» ишканасынан билдиришинче сурма комбинаттын бүгүнкү күндө электр энергияга болгон карызы 37 миллион 96 миң 512 сом 39 тыйын болгон.
Райондук коллегияда Кадамжай сурма комбинатынын ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болуп, комбинаттын ген-директору М.Х. Бактыбеков мааалымат берген. Анда төлөнбөгөн карыздар, жумушчулардын саны кескин түрдө азайып бараткандыгы, сурма өндүрүү басаңдап бара жаткандыгы тууралуу бир канча суроолорго жооп алынган.
Эскерте кетсек, сурма комбинатын Казакстандык компания иштетет.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

[poll id=”1″]

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы