БАГЫ АЧЫЛГАН БҮРГӨНДҮ
Улуу Октябрь ынкылабынын жеңишинен кийин
Бозоруп жаткан өрөөн өз түсүнө акырындык менен өзгөртүп олтурду. Суу бою аталган Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Кара тумшук, Актурпак, Чоң-Кара, Токой, Галча деген чакан айылдар болгон. Мисалы, Актурпак айылында Совет бийлигинин доорунда Октябрь революцияга чейин Кызыл-Коргондо 16-17, Чоң-Карада 22-26, Өтүкчүдө 70-80, Токойдо 5-6, Галчада 8-10 кожолук эл жашаган. Адамдын турмуш- тиричилиги өтө жаман болгон. Алар кийим кече, азык-түлүк алуу үчүн Өзбекстанга барышчу. Азыркыдай асфалт жол кайда айыл- кыштактардын тушу деп өткүнчү “Кактагы сайдан, Пидан” деп койобуз ошол жол менен жүрүп ат, эшек минип бир күн, эки күн түнөп жол азабыны тартып келишчү. Кээде ууру – каракчыга алдырып курук кол кайткандары да болгон экен.
Баарынан да кыш күндөрүндө Өзбекстанга баруучу болсоң жолдун азабы жаздын ысык күндөрүндө суудун азабы өтөөр эле. Себеби мезгил өкүмүн сүрүп турган убакта 30-40 километр жол жүрүү ойлоп көрсөң өтө оор, уулум деп атам айткан эле. Жалгыз бою аялдар, карыялар, алдуу күчтүү адамдарга жалынып жалбарып керектүү буюмдарын алдырчу. Байлар өз өкүмүн жүргүзүп, алсыздарды басмырттап, менчигиндеги адамдардай иштетчү.
Ушунчалык кыйналбастан эле районго же шаарга жакын барып жашаса болбойбу деп ойлойсуң…
Кыргыздар ата-бабам өскөн жер деп, киндик каным тамган жер-деп эч жака кетпей шаарга жакын барууга көнбөйт. Ошентип ал замандын азабын улуулар тартты. Азырчы, азыр берешен жыргалдуу заман, заман жакшырды ким иштесе ошол тиштейт, эмгегинин үзүрүн көрөт. Мындай заман эч качан болгон эмес, эми кыргыз эли үчүн тынчтык керек, эми эч качан атың өчкүр согуш болбосун силер бактылуу замандын таалайлуу адамысыңар, жыргал заманга ак ниетиң, адал эмгегиң менен иштесең турмуш менен катарлаш жашоо керек. Анткени турмуштан өз ордуңду таппасаң, берешен заманда деле жарыбай өтөсүң. Аны турмуштан көрүп жатабыз.
Өзгөрдү өрөөндө өскөн элибиз
Октябрь жеңишинен кийин кескелдирик, батманчык, эчкемер жашаган жантак менен камгак басып адам жүрүүдөн айбыккан Бүргөндү акырындан адам баласын колудан – аста секин өзгөрүп кеткен Кадамжай совхозунун бөлүмдөрүнө айланды. 1973-жылы Кадамжай совхозунан бүгүнкү Бүргөндү, өзүнчө совхоз болуп чарба болуп түзүлдү. Андан кийин Бүргөндүдө дың жерди өздөштүрүү үчүн аракет жасалды. 1974-жылдын 8-апрелинде алардын катарына Социалисттик эмгектин Баатыры жүгөрүчүлүк боюнча бригадир Мейман Миталиповду Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты Шакир Ысмановду улуу чабандар Мөнөк Абдырахмановду, Ысмайыл Турсуматовду жана башкаларды кошууга болот. Алар өздөрү иштеген тармакта белгиленген планды гана аткарып калбастан кабыл алган милдеттенмелерин да ашыгы менен орундатышып эмгекте ири ийгиликтерди камсыз кылышкан. Чарбада эмгек азаматтарынын жолун жолдогон ондогон, жүздөгөн патриоттордун катары күндөн-күнгө өсүп барган.
Ошол кезде чечилбеген көйгөйлөр да орун алган
Өрөөндүн келечеги кең. Анда өлкөбүздүн керектөөлөрүнө жүздөгөн, миңдеген тонна продукция өндүрүп алууга, өрөөндү гүлдөгөн аймакка айландырууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, ошол кездеги чарбанын алы ага жетпейт, анткени ошол убакта өздөштүрүлбөй жаткан жерлерди өздөштүрүүгө кубаттуу техникалар керек болгон.
А түгүл механикалык мастерскойлор да жетишкен эмес. Ошол кездеги маалыматта 700 гектардан ашуун жерлер өздөштүрүлбөгөн жаңыдан үй бүлө курган жаштарга турак жай жеткен эмес. 1982-жылдарда пайда болгон айылдарда турак үйлөр куруу акырындык менен курулуп ошол мезгилдеги Агро өнөр жай комитети жылына 5тен турак үй куруу менен чектелген. Ошол мезгилде 5нүн ордуна 10 үйдү курса жаштар түбөлүк жашаган.
Мында иштеп каларына шарт түзүлмөк. Тилекке каршы суу маселесин чече турган Сох суу сактагычын куруу ишин баштаган курулуш жарым жартылай бүтүп бүтпөй калып кеткени өкүнүчтүү болду. Ошол кезде профсоюздук комсомолдук комитеттин жергиликтүү калкты айрыкча жаштарды өз жеринде түбөлүккө жашап эмгектенип калуулары үчү н шарт жаратылышына колдон келген мүмкүнчүлүктөрүн түзүп беришкен. Ошондой болсо да алардын колунан келбеген иштер болгон. Өрөөндү өзгөртүп, гүлдөшү үчүн берекелүү аймакка айландыруу үчүн Совет доорунда райондук, областтык, республикалык деңгээлде жаштарды булуң бурчтардан көчүрүп келип жашоо орундуктарын түзүп калкты ишке орноштуруу боюнча райондук калты ишке орноштуруу бөлүмдөрү да практикалык жактан жардам көрсөтүлбөй калганы өкүнүчтүү.
Социалдак жаңылыктар көп болуп турган. Ошол кездеги Партия башкарган Совет Өкмөтү мурдагы жылдардан башкаруу күчү бир аз солгундап калган эле. Ошондой болсо да, ошол кездеги Өкмөтүбүз адамдар үчүн ар дайым кам көрүп келген. Бир нече жолу кабыл алынган токтомдорду чечимдерди өрөөн өз маалында турмушка ашырып келди. Эмгекчилердин өндүрүмдүү иштөөсүнө, көңүлдүү дем алууларына турмуш-тиричилик соода, медицина жагынан тейлөөгө айрыкча көңүл бурулган. Ошол 1986-87-жылдары 3-фельдшер акушердик пункт, 2 орто, бир сегиз жылдык мектеп, 2 башталгыч мектеп 2 айылдык китепкана, айылдык маданият үйү болгон. Стадион, участкалык оорукана 5 дүкөн 2 автодүкөн, байланыш түйүнү, 2 мончо бир турмуш тиричилик жактан тейлөө цехи, бир туруктуу эки сезондуу балдар бакчасы, радиотелемастерской, чачтарач-кана, ашкана, эки чайкана жана навайкана эмгекчилерди ошол жылдары тейлеген. Мурда чарбанын аймагындагы айылдарда 1500дөн ашуун адам жашаган болсо, 1986-87-жылдарда 4500дөн ашуун элдин саны өскөн. Алар стандарттуу үйлөрдө жашашып жашоо шарты жогорку деңгээлге көтөрүлгөн.
Мисалы, ошол жылдарда 5 кишиде ГАЗ-24, 170 дамда Жигули, Москвич маркасындагы автомашиналары, 100дөн ашуун адамда мотоцикл, ар бир үйдө телевизор, радио преемник, иштеп кызмат кылып турган. 77-80-жылдарда эле жаңы пайда болгон Факель айылынын эмгекчилери жаратылыш газы-суу түтүкчөлөрү 50 телефон точкасы менен камсыз болгон.
Совхоздун алгачкы директору Орун Адбырахмановдун кийинки Малик Жарматовдун эл депутаттарынын Актурпак айылдык советинин аткаруу комитетинин төрайымы Гүлү Мамбеталиевалардын кошкон салымдары өтө көп. Анткени, аттары аталган жолдоштор өрөөндү өздөштүрүүгө чарбанын экономикасын көтөрүүгө, социалдык маанидеги маселелерди чечүүдө бардык күч аракеттерин, билимин, тажрыйбасын жумшашкан. Натыйжада өрөөн өзгөрүп чарба жылдан жылга экономикалык чыңалуунун жолунда алга карай багыт алган чарбада өзгөрүүнү бай тажрыйбаларын башкаларга өрнөк катары тартуулап иштеп ошол мезгилде ондогон эмгек азаматтары өсүп чыккан.
120 метр бийиктиктен 5 насос аркылуу секундасына 250 метр суу чыгарылды. Ошол эле жылы 16 гектар аянтка 250 метр суу чыгарылды. Ошол эле жылы 16 гектар аянтка дарбыз, 5 гектар жерге жашылча 20 гектар жерге сорчо өстүрүлдү жолдун бооруна тыт көчөттөрү айылдарга чынар, мөмөлүү дарактар, кайрагач көчөттөрү олтургузулду. Чарбанын борбору Факель айылына адамдар, студенттик курулуш отряддары турак жай имараттарын кура башташты. Чарба уюшулган жылы Өрөөндү өздөштүрүүгө биринчилерден болуп бир туугандар Маккамбаев Абдулла, Мамажан Перханов, Орозмат, Али, Кочкор Козумурат жана башка патриот азаматтар көчүп келишип, чарбанын экономикасынын өсүшүнө, айыл-кыштактарды көрктөндүрүүгө өз салымдарын кошушту. Ошол эле жылы магистралдык каналды куруу иши кызуу жүрүп жаткан. 1974-жылдын апрель айында магистралдык каналдын биринчи кезеги бүтүп, Бүргөндү массивине суу чыгарылды. Ошондон кийин өрөөндө жашоо дың жерди өздөштүрүү кызуу башталды. Мурдагы Ош областынын Ленин, Сузак, Жаңы-Жол, Араван, Ноокат, Карасуу жана башка райондорунан, коңшулаш Өзбекстандан жүздөгөн патриоттор кылымдар бою пайдасыз жаткан жерди багындырууга биринин артынан бири келе башташты. Халмиондогу кыргыз сельхоз техникада А.Нусуратуллаев жетекчилик кылган бөлүм тарабынан турмушка ашырылды. 1976-жылы 250 гектар аянтка биринчи жолу пахта өстүрүлдү. Андан кийин пахтанын аянты 1020 гектарга жетти. Түшүмдүүлүк ар гектардан 06-07-центнерден 13 центнерге чейин жеткирилди. Дың жердин жүздөгөн тонна пахтасы сатылды. Ошол мезгилде негизги тармак жүзүмчүлүк болуп, анын аянты 900 гектарга жеткен. Ошол мезгилде 12 беш жылдыктын акырына чейин жүзүм плантациясын 1200га жеткирүү менен 2500 тонна түшүм алуу пландаштырылган. Ошол өткөн 5 жылдыктарда 1387 тоннадан ашуун жүзүм мамлекетке сатылган. Ошол өткөн жылдарда пландагы 600 тонна ордуна 730 тонна жүзүм элдин керектөөсүнө берилди. Чарбада жүзүмдөн башка мөмөлүү жемиш, жашылча, бакча, дандык жүгөрү кылкандуу эгиндери, тамеки, беде жана башкалар эгилген. Хайдаркан совхозунан бөлүнгөндөн кийин майда жандыктын саны 7800дөн 14 миңге жеткен. Чарба уюшулган алгачкы дүң продукция өндүрүлүп 12 түрүнөн өндүрүлгөн продукция мамлекетке сатылган. Чарба уюшулган алгачкы жылы дүң продукция өндүрүү 700 миң сомду түзсө, ошондон кийин 32 миллион сомго жетти. Ошол өткөн 1986-жылдарда 219 миң сомдук таза киреше алынып, рентабелдүүлүк 7,8 процентке айланды. Ошентип чарба жылдан жылга тынымсыз өсүү жолунда улам өзгөрүп, алдыга гана жылып бара берди.
Бекмырза Батыркожоев, Миң-Чынар айылы