Кечээ күнү районубуздун акими Мадумаров Акрам Камбаралиевич Көтөрмө айыл округунун алыскы Тамаша, Чандеки айылдарынын жана Майдан айыл аймагынын социалдык объектилерин, токой жана жайыттарын кыдырып чыкты. Аким менен кошо райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы Асамидинов Айдарали, Үчкоргон токой чарбасынын директору Темирбаев Абибилла, жол эксплутациялоо ишканасынын башчысы Ысманов Саидбуркан, Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Токторов Махмуд, Үйүбүлөөлүк даарыгерлер борборунун директорунун орун басары Миталипов Куттугали жана жергиликтүү жайыт комитеттеринин төрагалары барышты. Жетекчилер барган жеринде эл менен жолугушуп, айыл жеринин көйгөйлөрүн угушту. Алсак, айыл жеринде негизинен суу, жол, жайыт, электр энергияга тийиштүү көйгөйлөр четтен чыгаарына жетекчилер дагы бир жолу ынанышты. Андан тышкары Чандеки айылындагы эскилиги жеткен ФАПты жаңыдан курууну аким А.Мадумаров өзү көзөмөлгө алаарын билдирди. Андан айылдагы Жаныбеков атындагы орто мектебинде болушту. Мектептин негизги көйгөйлөрү мугалимдер тарабынан айтылды.
Андан ары жетекчилердин иш сапары Чандеки айылынын үстүнөн Сары-Талаа, Пахалы, Кара-Үңкүр участкалары аркылуу өтүп, Майдан айыл аймагында уланды.
Атайын кабарчыбыздан, «Эл жарчысы»