ЭКОНОМИКА

Малыбызды убагында эмдөө керек

Өсөров Келдибек
Өсөров Келдибек пенсионер, азыркы мезгилде Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Моло айылында ветфельдшер болуп, көп жылдан бери иштеп келатат.
Ал тейлеген айылдар Моло, Сур, Ормош, Бел жана Чечме айылдары. Ал айылдарда жалпысынан 1200дөн ашык ири мүйүздүү мал 3000ден ашык кой-эчки бар. Быйылкы 2012-жылы малдардын жугуштуу оорууларына каршы алдын ала 2012-жылдын март айынан баштап эмдөө жүргүзүлгөн.
Эмдөө убагында жүргүзүлгөндүктөн малдардын жугуштуу ооруулары катталган жок.
Малдарды шарп (ящур), карасан (эмкар), кара өпкө (пастереллез) оорууларына каршы малдар толук эмделип март, апрель айларында толук бүттү. Малдан тышкары 800дөн ашык козу-улак бычылды (кастрация). Быйылкы 2012-жылы Бүргөндү, Актурпак айылдарынан шарп оорусу чыкты, алар жайлоого биздин зоонага келишет. Жайлоого келген малдар биздин малдарга ооруну жугузуу коркунучу пайда болуп жатат. Малдардын кыймылына көзөмөл кылуучу органдар жок болуп тургандай.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы