ЭКОНОМИКА

Элибиздин эмгекчилдиги, кыштан чыгууга күч берет

Элибиздин эмгекчилдиги
“Кылычын кармап кыш келет” деген калкыбызда маанилүү кеп бар. Ошондуктан азыр өлкөбүздүн бардык аймактарында, кышка даярдык кызуу жүрүп жаткан кези.  
Районубузда да кышка карата бир топ иштер аткарылып жатат. Бул иш-чара тууралуу райондук администрациясынын башчысы акимдин орун басары, кышка даярдык боюнча штабтын жетекчиси Ж.М.Исаков төмөнкү маалыматтарга токтолду.
Бүгүнкү күндө элди көмүр, отун менен камсыз кылуу эң биринчи маселе. Ошондуктан ар бир айыл өкмөтүндө көмүр сатуучу жайлар ачылып, жергиликтүү ишкерлер тарабынан көмүр ташылып жатат. Андан тышкары ушул күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 9 тонна көмүр жеткирилди. Дагы да болсо, жеткирилип жатат. Негизинен элибиз эмгекчил болгондуктан, малга чөп, кыштан чыгууга отун камдашып, аракеттери күч. Башкача айтканда, кыштан чыгууга элибиздин эмгекчилдиги күч берет. Ошондой болсо да, калкка жакындан жардам берип, “кара алтын” менен камсыз кылуу башкы милдетибиз.
Райондо 36158 кожолук бар. Кыштан чыгыш үчүн 23470 тонна көмүр керектелет.
Азыркы күндө көмүр казуучу ишканалардын жетекчилери менен тыгыз байланышта болуп, ташып келүү иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Тактап айтканда, Алайдан ташылып жаткан көмүрдүн баасы 7сом. Ал эми Сүлүктүнүкү 11-13 сомдон сатылып жатат.
Ошондой эле кыш мезгилинде, калкыбыздын көпчүлүгү үйлөрүн электрдик мештер менен жылытышаары баарыбызга маалым. Албетте, электр энергиясы арзан отун. Демек, энергетика тармагында, чоң проблемалар пайда болууда.
Районубузда жаз маалында эле, 17 трансформатор бузулду. Аларды оңдоп, майлары, керектүү тетиктери алмаштырылгандыктан, сапаттуу иштеп жатат. Бирок кампада ашыкча электрдик зымдар, майлар, тетиктер жок. Ошондуктан кышта свет өчпөйт деп айтуудан алысмын.
Кадамжай менен Айдеркенде көп кабаттуу үйлөр көп. Бул үйлөрдө жашагандар жалаң электр энергиясын колдонушат. Булардын жылуулук тармагын оңдоп берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Себеби, жеке менчик үйлөр. Азыр эл 60 пайыз тегерегинде кышка даяр деп айталам.
Кышка карата бюджеттик ишканалардын өзөгүн түзгөн мектептер, Саламаттык сактоо мекемелери, 84 пайызга даяр. Аталган мекемелердин жетекчилери, көмүр казуучу шахтылар менен келишим түзүшүп, арзан баада көмүр менен камсыз болушууда. Ошондой эле сууктан сактануу максатында, имараттардын эшик терезелерин, чатырларын оңдоп, жылытуу иштери да бүткөрүлдү. Ошону менен бирге мекемелерде райондук өрткө каршы коопсуздук кызматынын эрежелерине ылыйык, иштер аткарылып жатат.

А.Асанов,журналист

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы