Баткенде эки миңге чукул соодагер эмгектенген Халмион базарын мурдагы ордунан Ош – Исфана чоң жолунун жанына көчүрүү маселеси талаш жаратууда.
Бул тууралуу «Азаттыкка» телефон аркылуу өзүлөрүн Райхан, Жүзүмкан деп тааныштырган базардын соодагерлери билдиришти. Алардын айтымында базарда иштегендер насыя алып, салык төлөп тургандыктан мурдагы ордунан жылса кыйлага чейин соода басаңдап, соодагерлердин иши артка кетиши мүмкүн.
Ал эми базар жетекчилигинен Умсунай Эркинбаеванын айтымында, бул базар Өзбекстан менен чек арага өтө жакын болгондуктан аны башка жакка жылдыруу боюнча бир нече жолу эскертүү болгон. Мындан тышкары Халмион айылынын эли да базар башаламандык жараттууда деп кайрылгандыктан айыл сыртына чыгууга туура келүүдө.
Жаңы базар мурдагы ордунан 2 чакырымдай гана жылгандыктан эч кандай түйшүк деле жаратпайт, соодагерлер дээрлик көчүп бүтүп калды, болгону 20 чакты киши чыкпайбыз деп нараазы болууда, – дейт Умсунай Эркинбаева. (JsA/RK)