ЭКОНОМИКА

Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын алкагында мектептерде ысык тамак берүүгө өтүүнү камсыз кылууга болобу?

el_kdm_001Мектепте балдарды ысык тамак менен тамактандыруу үчүн канча каражат керектиги жөнүндө кызуу талаш-тартыштар бир нече жылдан бери жүрүп жатат. Эң эле көптөрү мамлекет өз бюджетинен бөлүп берип жаткан суммалар абдан аз жана столго бир булочка менен чай койгонго араң жетет деп эсептешет.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын мектепте тамактандырууну уюштурууда бөлүнгөн каражаттарды туура пайдалануу аш болумдуу түшкү тамактарды даярдоо үчүн жетишээрлик деген пикири көптөгөн тастыктоолорго ээ. Мектеп администрациясынын демилгеси менен балдарга ысык тамак берген мындай мектептердин бири болуп Лебединовка №2 мектеп-гимназиясы эсептелет.

Мектептин директору Асылкан Шерматовна Өмүрова мектепте тамактандырууну уюштуруудагы өзүнүн тажрыйбасынан канааттануу менен ой бөлүштү.

-Биз мектепте тамактандырууну эч качан токтоткон жокпуз, – дейт Асылкан Шерматовна, – Советтер Союзу учурундагы мектепте тамактандырууну улантып келе жатабыз. Ал кулагандан кийин деле биз ата-энелер менен биргелешип мектепте балдарга тамак берүүнү ата-энелердин каражаты менен милдеттүү түрдө уюштурууну улантууну чечкенбиз. Бардык зарыл болгон жабдуулар – плиталар, нан бышыргычтар жана камыр жууругуч машиналар жана чоң өнөр жай мискелери – бизде эң сонун сакталып калган жана иштеп жатат!

-1-4-класстардын мектеп окуучулары үчүн тамактандырууну уюштуруу жөнүндө мыйзам кабыл алынганда абдан кубандык. Анткени, эми ата-энелерди тартпастан балдарга тамак берүүгө мүмкүн болуп калбадыбы. Ата-энелер дагы биздин оптимизмди бөлүшүштү, чынында ал узакка созулган жок – мурда ата-энелер чогулткан суммага балдарды жакшыраак тамактандырчубуз, – дейт Асылкан Шерматовна.

Педагогдор мектепте тамактандырууну кошумча финансылоо үчүн ата-энелерден кошумча каражаттарды талап кылуудан чоочулашты, ошондуктан кандайдыр бир убакыт аралыгында балдар бир күндө бир балага 7 сом алкагында уюштурууга мүмкүн болгон эртең мененки же түшкү тамакты гана алып турушту. Бирок, мындай тамактандыруу ачык айтканда мурдагыдан начар болду жана мектеп администрациясын канааттандырган жок.

Асылкан Шерматовна жагдайдан чыгуунун жолун тез тапты. Ал айыл өкмөтүнө кайрылууну чечти. Директор, ашпозчулар жана мектептин санврачы мүмкүн болуучу рациондор тууралуу узак акылдашып жана талашып-тартышкан соң, акыры мектепте тамактануунун кеңири калькуляциясын жана менюсун түзүштү.

Узакка күтүүгө туура келген жок, ал эми натыйжа Асылкан Шерматовна күткөндөн да жакшы болду. Ошол аймактагы төрт мектепке тамактандырууну уюштурууга – бир балага бир күндө үч сомдон кошумча каражаттарды алышты. Ошентип ар бир окуучуга күнүнө 10 сомдон туура келип калды. Бул мектептерде бүгүнкү күнгө чейин жумасына 2 же 3 жолу ысык тамак менен камсыз болушту.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы