Кадамжай районунун аймагына 360 га аянтка сөксөөл дарагынын уругу себилеери күтүлүүдө.
Бул тууралуу Кадамжай районундагы Үч-Коргон токой чарбасынын директору Темирбаев Абибилла билдирди.
2001-жылы ошол убактагы Токой агентигинин директорунун орун басары Бурханов Айткулдун жеке демилгеси менен Кадамжай районундагы Кожо-Кайыр өзөнүнө эксперементалдык түрдө 20,0 га аянтка Өзбекстандан алынган сөксөөл уругу себилип, натыйжасы жакшы болгон. Азыркы кезде бул аянтагы сөксөөл дарагынын бийиктиги 3 метрге жетип, 100-120 кг чейин сөксөөл уругун алып жатышат. Жыйналган урук жаңы 20 га жакын аянтка токой тилкелерин түзүүгө шарт түзөт.
Сүрөт автордуку
Мындан тышкары Үч-Коргон токой чарбасына тиешелүү «Ынтымак» бөлүмүндө да 35 га аянтка түзүлүп, өнүмдүүлүгү жакшы. 2008-2009-жылдары Алга айыл өкмөтүндөгү эч нерсе өсбөгөн, мал да жүрбөгөн жерлерге сөксөөл себилип, бүгүнкү күндө токойго айланууда.
Сөксөөл-бийиктиги 4-5 метр келген, суусуз, кум-чөлдөрдө, негизинен ысык аба ырайы татаал жер шартында өскөн токой дарагы.
Орто Азияда көбүнчө Казакстан, Туркменстан, Өзбекстанда табийгий токой массиви болот.
Сөксөөл токойлору негизинен чөл аянтынын көбөйүшүнө каршы негизги өсүмдүк. ошону менен бирге токойсуз дың, кум, таш баскан жерлерди токой аянттарына айландыруу азыркы глабалдуу ысык көтөрүлүп бараткан мезгилде, экологиялык балансты кармап турууга бирден-бир себеп болоорун адистер белгилешет.
-Сөксөөл дарагы негизги отун каражаты болгон көмүрдүн ордун басып, күйүмдүүлүгү жана таптуулугу боюнча көмүрдөн 5 % гана артта турат.
Шамалдын күчүнө бөгөт болуп, жер кыртышын эрозиядан жана нымдуулукту сактап турушу, сөксөөл дарагынын астында ар түрлүү өсүмдүктөрдүн өсүшүнө жана жаныбарлардын көбөйүшүнө шарт түзүп берет-дейт Абибилла Темирбаев.
Жалпы Кадамжай районунун аймагына 113 гектар жерге өздөштүрүлгөн.
А.Абсаттаров, атайын кабарчы