Кадамжай райондук прокуратурасынын имараты жаңыдан салынууда. 2011-жылдын 20-июлундагы районубуздагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган райондук прокуратуранын имараты да коркунучтуу абалда калган эле.
Курулуш үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тендер өткөрүлүп, аны “Ак бата” курулуш фирмасы утуп алган. 13 млн. сом акча каражаты бөлүнүп курулуш иши башталды.
Бул жер титирөөдөн жабыркаган райондук прокуратуранын имараты 1986-жылы курулган.
«Эл жарчысы»