Биз жаңыдан там-туң баскан, эне сүтү оозунан кете элек наристелерди эмне үчүн жакшы көрөбүз? Анткени алар бул жарык дүйнөгө акактай таза, аруу бойдон келишкен периштелердей. Таптакыр булганган эмес. Булганыч, жамандык, көрө албастык эмне экенин али билише элек балдар да. Анан акырындап отуруп мектептен, окуу жайларынан, иштеген эмгек жамаатынан, үй-бүлөсүнөн же кайын журтунан адам пендесинин табиятына туура келбеген терс көрүнүштөргө аралашып, жуурулушуп өсөт, өнөт. Арам иштерге, адилетсиздикке, паракордукка, тууган-уруучулукка, улуттук касташууларга күбө болот. Мунсуз дүйнөдө өнүгүү болбой тургандай сезилет.
Акыркы мезгилде, бөтөнчө Кыргызстан өз алдынча көз карандысыздыкка жетишип мамлекеттүүлүктүн бардык белгилерин алгандан бери миңдеген замандаштарыбыздан ыйман кетип, адамзаттын бузулуусу, бөтөнчө дүнүйө параздыкка берилүүсү, бийлик оорусу, роботко айлануусу байкалат. Бүгүнкү кыргыз жаштарынын басымдуу бөлүгү басма сөздү гана эмес дүйнөлүк классикалык көркөм адабияттарды окубай, театр менен музейлерге барбай калышты. Алардын мээсин компьютер иритип-чиритип, мээ клеткалары иштебей, улууну сыйлоо, кичүүнү, аялзатын ызаттоо, улуттук каада-салттарыбызды сактоо, тарых менен санжырага кызыгуу деген ныпым жоголду. Педагогдор кечирип коюшсун, уул-кыздарыбыздын көпчүлүгү өз эркинче дил баяндарды жаза алышпайт, ой жүгүрткөндү билишпейт. Дүйнөгө дана көз караштары жок. Компьютердин кулуна айланып баратышат. Албетте, илим менен техниканын жетишкендиктери, интернет булактары менен таанышып, англис тилин билген жакшы, бирок ошол эле учурда улуттук дөөлөттөрүбүз, көркөм адабиятыбыз, сүрөтчүлүк, музыка дүйнөсүн унутабызбы?! Менин жеке баамымда республикабыздын дүйнөдүгө эң артта калган өлкөлөрдүн сабына кошулуусуна ушул жагдайлар да себеп болгон.
Экинчи жагынан бүгүн биз эмнеге ишенебиз? Улуттук идеологиябыз барбы? Союздун учурунда өзүбүздү өзүбүз дан, кумшекер, пахта, беде уругу, эт, сүт азыктары менен камсыздап көз карандылык чектелүү эле го! 650дөн ашык ири өнөр жай ишканаларынын 90 пайызга жакыны текейден арзанга менчиктештирилип, баалуу жабдуулардын Кытайга ташылып, ишканалардын таланып-тонолуусуна А.Акаев же К.Бакиев жооп береби? Алардын жанында жүрүшкөн “чоролору” менен “увазирлери” дале бийликтин бир бутагын чоюшуп, “кабагым, кашым дебей” калган эл байлыгын сүлүк курттай соруп жеп жатышат го! Бүгүнкү күндө да ошол эле ыкма, ошол эле тууганчылык-жек жаатчылык принциптери кайталангансыйт. 22 жылдан бери “Кум-Төрдү” эске албаганда бир дагы жаңы завод-фабрика же ГЭС курулбаптыр. Жалаң жеп-ичүү, талап-тоноо менен алек болуп келиптирбиз. Кошуналарга байкоо салыңыздарчы! Казакстанда акыркы эки жылдын ичинде 100 завод-фабрика ишке түштү. Өзбекстан өзүндө автомашина менен трактор, комбайн, телевизордон тартып самолётко чейин чыгарып жатыры. Түркмөнстан улуттук көркөм дөөлөттөрүн прапагандалаган дүйнөдөгү өнүккөн өлкөрдүн бирине айланды. Күнү-түнү спутниктик жети каналында, түркмөн маданияты, адабияты, музыкасы, кол өнөрчүлү, архитектурасы, спорту, тарыхы планетабыздын бардык булуң-бурчтарына дейре даңазаланып жатат го! Биз бир КТРди же ЭлТРди толтура албай эсибиз оойт. Аныбыз да жалаң ушак-айың, эки-үч адамдын акыл үйрөтүүсү менен өтүп кетет. Намысыбыз кайда? Кыргыздын улуттук сыймыктануу сезими барбы? Миң жылдарды карыткан кыргыз тили качан мамлекеттик тилге айланат? Кыргыз театр өнөрү, киносу, музыкасы жана спорту качан дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлөт?
Эл аралык каржы уюмдарынан алган карыздарыбыздын жалпы суммасы 3 млрд доллардан ашып кетти. Бир жанга бөлгөндө 600 доллардан ашат экен. Бешиктеги баладан тартып аксакалы жайкалган чалга чейин 600 доллардан карызбыз. Аны качан жана кантип төлөйбүз? Кошумча пайыздарын кантебиз? Карызды деле чама-чаркыбызга карап алсак болбойт беле! Бир карыздын ордун экинчиси менен жаба берүүнүн, калпайтуунун, алдамчылыктын да чеги бар го! Бизге ишенишпеген банктар менен эл аралык башка донорлор карыз беришпей койсо көргөн күнүбүз не болот? Бардык жерибизди күрөөгө коюп Америка же Кытай сатып алса кылымдар бою нечен азаптар менен кыргыз мамлекетин сактап келишкен ата-бабалардын осуяттары, үмүт-тилектери таш каппайбы?
Карап олтуруп, сарасеп салсак, коррупционерлердин бирөө да жазасын алышпайт. Акырындап отуруп үй камагына чыгышып, же таптакыр бошоп, башкаларын күнөөлөп отурушат. Азыр Кыргызстан акчанын кулуна, арам иштердин чордонуна айланды. Кимде байлык көп болсо ошол бийликтин башына келет. Анын билим деңгээли, эрудициясы, маданияты жетишеби, ал рекетпи, бандитпи, уурубу же паракорбу бир тыйын болуп калды. Эски базарларды, ири ишканаларды басмачылардай ээлеп алышкан арамкорлор элди дагы эзип, баш көтөргүс кылып, мамлекеттин казынасын какшытып жатышат. Миллиондогон пайда табышкан ишкерлер салыкка жарыбаган тыйындарды төгүшөт. Муну арам оокат, элдин эсебинен баюу десек жарашат. Анан ошондой шылуундардын эл аралык донорлордон, өзгөчө араб байларынан миллиондорду тартып, куду өз чөнтөгүнөн чыгарып жаткандай түс берип жатышканына күйөсүн. Ал эми гуманитардык уюмдардан келип жаткан жардамдарды айыл округдары жалаң өз адамдарына, туугандары менен досторуна “жең ичинен бөлүштүрүп” кантын урушууда. Муну да арамдык десек болот. А түгүл жаратылыш кырсыктарынан жабыркашкан бечаралар да өз жана жат болуп бөлүнүшкөнү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде да коррупция гүлдөп жатканын тастыктайт. Ошентип карапайым элдин эсебинен, мамлекетибизден эчен жылдар бою кашыктап жыйылган мүлктү ажыдаарларча жалмап жеп коюу деген арамдык катары эсептелет. Бул түшүнүк ислам дининдеги термин менен толук бойдон үндөшүп кетет.
Ал эми адалдык, тазалык, аруулук деген пенденин табиятына мүнөздүү көрүнүш. Өз бешене тери, акыл эмгеги менен байып, элин да, жерин да ойлошкон азаматтарыбыз да бар. Алар кайыр-садака, кайрымдуулук дегенди да жакшы билишет. Колунда мүмкүнчүлүгү, шарты жок кары-картаңдарды, майыптар менен мунжуларды, көп балалуу аялдарды кастарлашып, акыл-эси жетишсиз замандаш-тарыбызга камкордук көрүшөт. Бирок, булардын саны абдан аз. Байларыбыздын көбү зыкым, ичи тар, мерез. Миллионерлер менен миллиардерлерибиз кыргыз маданиятын же спортун, адабиятын өнүктүрүүдөн негедир жаа бою качышат. Өткөн кылымдагы байлардай коюнун туягын эсептеп, жамачылуу кийим менен отурган картинаны элестете бериңиз.
Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жолдору жана мүмкүнчүлүгү барбы? Менимче дале кеч эмес. Кыргызстанды араб досторубуз айткандай бейиштин төрүнө айлантуунун мүмкүндүгү бар. Аның үчүн Союз таркагандан берки, ыпылас, булганыч аристократияны, паракорлорду, дили бузук жетекчилердин баарын жаш, жаңыча ой жүгүрткөн, ички дүйнөсү таза, билими күчтүү, бийик маданияттагы жаштар менен алмаштыруу зарыл.
Бизге бүгүн темирдей катуу тартипти сактаган, экономикага, улуттар аралык мамилени жөнгө салууга кызыкдар, тынчтыкты сактаган, жаштардын келечегин ойлогон лидер керек. Ансыз күнүбүз эптеп өтө берет. Шылуундар эл аралык аферисттер менен Кыргызстанды көргө тартып, арам жана бүлүндүргүч иштерин улантышып өлкөбүздү талкалап жок кылуудан кайра тартышпайт деп ойлойм. Ошондуктан “эсибиз барда, этегибизди жыйып” арамдык менен адалдыкты айырмалап, ниетибизди, пейил-кушубузду оңосок республикабыздын кризистин бардык түрлөрүнүн сормо сазынан чыгуусуна үмүт байласак болот? Буга сиз кандай дейсиз окурман?!
Адылжан Жажанов, атайын кабарчы.