КООМ

Элдин баары чет жакта, айыл калды «Мас» болуп…….

айылда мас
Элет ээн калып, ишке жарай тургандардын көпчүлүгү чет өлкөдө болсо да, айыл жери алкоголизмге катуу берилип жаткандай. Аксакалдан тартып, жаш балага чейин ичишет. Аялдар да эркектерден өтсө өтөт, кем калышпайт. Бардыгына күнөөлүү жумушсуздук, экономикабыздын начардыгы, таалим-тарбиянын жок экени.
«Ааламга жол айылдан башталат» – деген элибиздин нускалуу сөзүнүн маанисин өкмөт эми түшүнүп, айылдык жергиликтүү депутаттардын мүмкүнчүлдүгүн кеңейткен кези.

Ошондуктан шайлоого кызуу даярданып, эл өкүлү болом дегендердин саны аз эмес.

Жакында белгилүү журналист акын Олжобай Шакирдин бир таасирдүү ырын окудум. Бул чыгарма окурманды жана депутаттыкка аттанган «айыл тыңдарын» кайдыгер калтырбаса керек.

Жинди кыштак

Бүүчүр байлап теректери дүпүйгөн,
Көктү карай түтүн булап бүт үйдөн,
Кезүү кезүү күтүргөн малы бар,
Айыл эле туш-тушунан ит үргөн.

…Айыл эле аттигиниң кышы жай
Абасында нандын, сүтүн жыты урган.
Азыр болсо нан, сүт эмес…буркурап
Айыл болду арак жытын учурган.
А бир кезде бейпил жаткан бул кыштак
Итти дагы жолотчу эмес кутурган.

Бүгүн болсо ит кеп эмес кутурган,
Адамдар бар иттен өтүп жутунган.
Тең жарыша түбүн жалап шишенин
Аял дебей, эркек дебей бүтүн жан,
Кууп ичер айыл болду аракты,
Калбаса да тасмалында күкүм нан.

Качан келбе, бейпил турмуш кечирген,
Тентектерин тыйып коёр эсирген.
Ырыс-куттуу айыл эле бир кезде,
Уулдары улуулардан бекинген,
Улагада кыз-кыркыны кысынар,
Уяң эле жалгыз бойлуу жесирлер.

А бүгүнчү?…Бүгүнкүсү курусун…
Өзөк өрттөп, тынчымды алган муң үчүн:
«Бүт кыргыздын жинди бүгүн кыштагы»
Дегим келет. Кыйрап калар улутун
Сактай турган көсөмдөрүң чыгабы?
Асмандагы ачылабы булутуң?

Бир кезекте бары тегиз кырмандар
Кыйрагандай, жакынкы эле жылдарда
Кыргыз кыйры кыйрап жатат четинен,
Кыштак сайын издеп таппас ыймандай
Теректердин көлөкөсүн издесең,
Терек эмес мас жолугат ыргалган.

Бүчүр байлап ыргалгандай теректер,
Бүгүн жалаң ыргалган мас – элет жер,
Мас боюнча төрөлүүдө бөбөктөр!

А.Асанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы