Кадамжай районунун аймагынан топтолгон лидер жаштар чогулушуп, көйгөйлөрдү ортого салышты.
Негизинен спорт менен ар дайым машыккан жаштардын ролун жогорулатууга жетишүү, чылым чегүү, баңгилик, аракечтик, 23 жашка чейинки кыздарды чет өлкөлөргө чыгарбоо маселелерин көтөрүштү.
Айрыкча азыркы жаштардын уулу, кызы, тегин сыяктуу аты жөндү өзгөртпөө керектиги, бул кыргыздын өзүнчө символу экендиги айтылды.
КРнын «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» мыйзамына ылайык, биздин өлкөдө 14 жаштан 28 жашка чейинки КРнын жарандары жана жарандыгы жок адамдары жаштар болуп саналышат.
Кадамжай райондук статистика комитетинин жана райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн маалыматы боюнча 2013-жылдын башталышына карата 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштардын саны 50миң 616 адамды же калктын жалпы санынын 32,1 % түзгөн. Уландар жаштардын 52,2 пайызын, ал эми кыздар 47, 8 пайызын түзүшөт. Мамлекеттик кызматта жаштар жалпы санынан 15,1%. Калгандары негизинен айыл чарбасында жана акы аз төлөнчү квалификация талап кылынбаган жумуштарда иштешет.
Рисмий маалыматтар боюнча жаштар арасындагы жумушсуздук 13,7% жетет. Ошол эле учурда 15тен 19 жашка чейинки курактык топтогу жумушсуздардын деңгээли 20,8% түзөт. 20дан 24 жашка чейинки курактык топтогулардыгы 15,4% жакын. 25 жаштан улуу курактагыларга гана 9 % чейин төмөндөө байкалат.
Катталган жумушсуз жаштардын дээрлик 41% узак убакытка жумушсуз жүрүшөт. Алардын арасынан 15,2% Жогорку окуу жайларын бүтүшкөндөр.
Ошондой эле мурда болгон Райондук жаштар Кеңеши уюшулуп, юридикалык жактан каттоо тез арада болоору айтылды. Себеби мурдагы жаштар кеңеши юридикалык жактан катталбагандыктан көп иштерди аткара алышкан эмес. Оштогу жаштар комитетиндей юридикалык жактан катталып, алдыга койгон максаттарды ишке ашырабыз-дейт Кадамжайлык жаштар.
Кокон хандыгында хан болгон Полот Хан, кыргыздын алгачкы Презденти саналган Абдыкадыр Орозбеков, Кыргыз эл батыры, коомдук ишмер, Апсамат Масалиевдер дал ушул Кадамжайдын балдары болгон. Бизда алардай мамлекетибизге кызмат кылуубуз шарт деп, билим алууга өзгөчө көңүл буралы дешет.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы
Salam,
Azamat owol Lider jawtar klubunun mu4oloru menen bailanywka chyguu uchun kontaktaryn alsa bolobu?