КООМ

Майдандыктардын жоопкерсиздик оюндары дагы эле уланабы же буга бөгөт коюлабы?

el_kdm_001Бүгүнкү күндө Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Шамбесай кенинин иштешине кээ бир жергиликтүү тургундардын, башкача айтканда каршы топтун оюндары дагы эле токточудай эмес. Z-EXPLORER компаниясы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал иш-чараларды улантып, Майдан айыл өкмөтү компанияга кат жөнөткөн. Айыл өкмөтү элге кеңири түшүндүрүү иштерин жайылтуу максатында Шамбесай кенине окшош жайлар менен жакындан тааныштырууну суранган. Аталган компания Турциядагы Кышладаг алтын кенине алып барууну сунуштаган. Кышладаг кенине барууга бир күн калганда Майдандыктардан бара турган 10 кишинин 7си учпай коюшкан. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен мунун негизги себеби – кендин иштешине каршы турган топ бул атуулдарга келип, аларды «Силер саткынсыңар, барсаңар, силерди элден бөлүп салабыз» деген сыяктуу сөздөр менен коркутушуп, алардын жолун тосушкан. Ошентип, жергиликтүү эл билүүсү зарыл болгон алтын кен долбоор жөнүндө маалымат аларга жеткирилбей жатат.

Асылбек Тажибаев, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы