Өткөн аптада Кадамжай районунун акими А.К.Мадумаров Бирлик айыл аймагына иш сапары менен барды. Айыл аймагын кыдырып, адегенде Гороту каналынын акыбалын көрүп чыкты. Сырт айылынын эли менен болгон жолугушуудан соң, айыл өкмөтүнүн чоң залында Ормош, Сур, айылдарынын эли менен жолугушту. Жыйында айыл аймагындагы көптөгөн негизги маселелер талкууланды. Маселен, электр энергия, суу, чек ара маселелери орчундуу маселе катары каралды. Акимге жана тиешелүү жетечилерге эл тарабынан суроолор берилди.
Аким өз сөзүндө, ар кандай маселени биз баарыбыз бирдиктүү аракет жасасак, оң жагына чечилерин баса белгиледи. Ошондой эле бүгүнкү күндө карыз улам өсүп бараткан электр энергияга, сууга болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөшүбүз керек-деп жыйналган элге эскертип өттү.
Жыйындан соң жетекчилер Ормош айылында жаңыдан курулуп жаткан мечиттин курулушуна күбө болушту. Бул курулушка аким Акрам Мадумаров 5000 сом акчалай салымын кошту. Аны менен катар Бирлик айылдык Кеңешинин депутаты Кутпидин Шакиров да 5000 сом акчалай жардамын берди.
Андан ары аким жана бир топ жетекчилер Сох анклавы менен чектешкен Чечме айылын кыдырышты.
Атайын кабарчыбыздан