Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл башкармалыгынын башчысын шайлоо 14-апрелде болот.
Бул тууралуу Референдум жана шайлоолорду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан маалымдашкан.
Эскерте кетсек, Майдан айыл башкармалыгынын башчысы Латифа Муратова өзүнүн берген арызынын негизинде кызматтан кеткен. Майдан айыл аймагынын жашоочулары Шамбесай алтын кенинин иштетилишине каршы болушуп, компания тараптан иш токтотулган.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы