ЭКОНОМИКА

Биз дыйкандарга заманбап техника менен бирге жашоонун жаңы сапатын да сунуштайбыз!

Саматов м. (9)
Ар бир үй-бүлөнүн, дыйкандардын жашоо сапаты киреше булагына байланыштуу экендиги талашсыз.
Дыйкандар өздөрүн бүгүн ишкер адам катары, агробизнесмен катары туюп, ошого жараша ой жүгүртө башташса иштери жүрүшөрүнө шек жок. Беш жылча аракет жасап жүрүп жетишкен, ишке ашкан максатыбыз жөнүндө ангеме куруп, арттырган тажрыйбабыз менен бөлүшө кетели.

Аңгеменин дареги – Талас, Манас району, Жийде айылы.
Чөлкөмдө илгертеден пияз эгип келишкен. Кирешелүү өсүмдүк экендиги белгилүү. Бирок бул өнөр менен дайыма иш билги корейлер жана дунгандар шугулданып келишкен. Негедир совет доорунда колхоз совхоздордун жетекчилери тымызын четтен келген кишилерге гана жерлерди арендага берип жергиликтүү айылдардын тургундарын бул иштен оолак кармашка аракет кылышкан. …Көрсө алар, пайдалуу сырды сактай билген “жат” кишилерден ар бир гектар үчүн 1000 рубль тегерегинде “шапке” алышчу экен. Мындай былыктары билинип калбас үчүн “кызыл” башкармалар кыргыздарга өз жерин өздөрүнө арендага бербей келишкен. Адилетүүлүк үчүн белгилей кетели – биздикилер жер иштетүүгө жан талашып аракет да кылган эмес, иштин сырын да толук билбегендигибизди да моюнга алганыбыз дурус. Натыйжада кыргыздар негизинен корейлерге, дунгандарга жалданып гана иштеп келишкен. Иштин сырын толук үйрөнүүгө да мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес, үйрөнөйүн десе да “кожоюндар” иштин ток этер мазмунун сыр кылып жашырып айтпай келишкен.

Саматов м. (1)

Биз бул иштин артынан түшүп үйрөндүк – баарын, баштан аягына чейин, кагазга түшүрүп. Биз андан ары, дагы тереңиреек кеттик – канткенде пияз өстүрүүдөгү баардык талаа операцияларын толук техниканын жардамы менен аткарып чыгымдардын көлөмүн кескин түрдө кыскартыш жолдорун иликтедик. Пияз өстүрүүдө дүйнөдөгү эң алдынкы технологияларды үйрөнүп чыктык, көптөгөн айыл чарба көргөзмөлөрүнө катыштык, заводдорду кыдырдык. Интернетке да алкыш. Көзүбүз ачылды…
Дыйканчылыктын өзөктүк проблемасы – жерди сапаттуу айдап даярдоо. Ошондуктан биз өзүбүздүн алдыбызга биринчи иретте тракторду туура тандоо маселесин койдук. Биз айдоо тракторун тандадык. Кыймылдаткычы 155 ат күчунө ээ болгон немистердин Deutz Fahr Agrotron M620 маркасындагы тракторго токтолдук. Баварияда жайгашкан заводко барып трактордун кантип жасалышын баштан аягына чейин өз көзүбүз менен көрүп кайттык.

Саматов м. (2)
Жөнөкөй, салыштырмалуу арзан, колдонууда өтө ыңгайлуу, тетиктеринин баалары да жөндүү. Бүт талаа жумуштарын аткаруу функциялары боюнча заманбап батыш стандарттарына төп келет. Беш тиштүү сокону чиркеп алып, күчүркөнбөй “чуркап” жүрүп ар кандай кыртыштагы жерлерди сапаттуу айдай билет.
Бирок, бизде дагы кошумча талаптар бар болчу. Ушул эле трактор өсүмдүктөргө катар аралык иштөө берүүдө, эгип-жыйноодо да колдонулса боло турган болуш керек. Заводдун адистери менен кеңешип кошумча дагы төрт кууш дөнгөлөктөрдү, эни 27 см, дискалары менен кошо сатып алдык. Бул да бизге жетишсиз болорун алдын ала билгендиктен, трактордун асты тарабына да машина чиркей турган асма механизми, кубат берүү билеги болсун деген каалоо билдирдик. Ошентип Кыргызга биринчи жолу накта заманбап универсалдуу, жыл – он эки ай бою колдонсо боло турган сапаттуу трактор келди. Кондиционер, радио, чаңкирбес кабинасы, жумшак отургучу жөнүндө сөз кылбай эле коёлу.

Саматов м. (3)
Пияз өстүрүүнүн өзгөчөлүгү – кенендиги стандарт 75 см болгон жөөктун үстүнө үрөн бир нече катар бир бирден себилет. Жерди керектүү кондицияга чейин майдалап жөөктөп кете турган немистердин GRIMME заводунун фрезасын жана италиядан GASPARDO жер-жемиштер үрөн сепкичин тандадык. Бул машиналар пияздан сырткары сабиз, капуста, томат жана башка жер-жемиштерин эгүүдө пайдаланылышы мүмкүн. Жерди даярдап, үрөн себүүнү көңүлдөгүдөй аткара билишет. Өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн кол эмгеги менен суйултуу иштери жокко чыгат.

Саматов м. (4)
Өзгөчө белгилеп кете турган түшүндурмө бар. Биз алынып келинген машиналарды тейлөөнүн, дүйнөлүк эреже-салттарга ылайык, үч түрүн тең жасайбыз. Биринчиси – жаңы келген техниканы ишке кийирип, механизаторлорго үйрөтүп туруп анан ээсинин колуна тапшырабыз. Экинчиси – фермерге тапшырган күндөн баштап заводдун атынан гарантиялык тейлөөгө каттайбыз. Бир жыл, же бир сезон ичинде заводдун кетирген кемчилдиктеринин айынан машина бузулуп калса акысыз оңдоп-түзөтүп, керектүү тетиктерин бекер алмаштырып берүү биздин милдет. Үчунчүсү – жалпы тейлөө. Биз алып келген ар бир машина биздин каттоодо турат. Керектүү учурда заводдордун кампасындагы баа менен тетиктерин фермерлердин буйуртмасы менен жеткирип берип турабыз. Дайыма кеп-кеңеш берип турууга даярбыз, биринчи чакырык боюнча жетип барабыз. Зарыл болсо заводдордон да сервис адистеди талаага чакырып келтиребиз.
Талаада, иш үстүндө, техникаларды ишке кийирүү учурундагы аракеттерди сүрөттөр аркылуу баяндап кетели. Трактордун асты тарабына пияздын сабактарын кесип майдалап чачып кете турган машина чиркелген. Арткы тарабына пиязды казып, жумшак элеп топурактан тазалап, сол кылып тыштап кете турган машина чиркелген. Экөө тең голландиянын SAMON заводунун жөнөкөй, жогорку сапаттагы машиналары. Пиязды жыйноодо керектүү болгон бир нече операциялар бир эле мезгилде аткарылып жаткандыгы өтө чоң натыйжа бере тургандыгы көзгө көрүнүп эле турат. Мындай агрегат сезондо күнү-тунү тынбай иштей бергенге бүткүл мүмкүнчүлүктөрү бар.

Мындай чакан, менчик машина-трактордук станцияны (МТС) түзүүдө биз эки максатты көздөдүк. Биринчиси – пияз өстүрүүнүн аянтын кеңейтүү, чыгымдарын кескин азайтуу жолу менен көп киреше табуу. Экинчиси – кошуна фермердик чарбалардын талаа жумуштарын кыска мөөнөттө, агротехникалык ыңгайлуу мезгилди качырбай, аткарып элге техникалык тейлөө көрсөтүү – жерлерин айдап, жөөктөп, пиязын сееп, жыйнап берүү. Ортодогу сугат жана башка майда-чүйдө иштерин фермерлер өздөрү кенен-кесир жасай беришет.
Биз түзгөн МТСтин машина трактордук паркы (МТП) өндүрүмдүүлугү жагынан бир сезондо 300 гектарга чейинки пияз эгилген талаа аянтындагы жумуштарды камтып аткарууга жөндөмдүү. Буйурса Манас районундагы пияз эккен дыйкандардын баарын тең тейлегенге жетишет.
Биз жогору даражадагы өндүрүмдүүлүгүнүн шарапаты менен өзүн өзү кыска мөөнөттө актай турган, дыйкандын үй-бүлөсүн бага турган техникаларды гана сунуштоо прициптерин туу тутабыз. Элибиздин турмушу жаңы тепкичке көтөрүлушүн көздөйбүз.
Бул түйшүктүн негизги, орчундуу бөлүгун, жоопкерчилигин баштан аягына чейин өз мойнуна алып, үйрөнүп, иш жузунө ашырган Жийде айылынын тургуну – мээнеткеч фермер Марат Садыров.

Саматов м. (8)
Бул маанилүү проектти каржылоо жагынан лизинг берүүчү Айылбанктын да эмгеги зор – 70 % үлушү бар. Өздөрүнун түздөн-түз каржылоо милдетин аткаруу менен чектелишти. Техниканы тандоо лизинг алуучу фермерге гана тиешелүү укук. Эч кимге жасалма тендерлер аркылуу көз боёмочулук жолу менен таңуулап техника сатканга укук берилген эмес! Трактор тандоого келгенде кудайдан коркпогон чиновниктер дайыма тендердик комиссиянын мүчөлүгүнө жалаң министрликтин чук этпес адистерин киргизип туруп, төрага кылып ветеринардык врачты, же зоотехникти, агрономду буйрук менен дайындап коюшат. Техника фермерлер үчүн тандалса ага министрликтердин бюрократтарынын, депутаттардын кандай тиешеси бар? Тендер болгон күндө деле комиссиянын мүчөлөрү толук бойдон такшалган адис-фермерлерден куралышы шарт! Акчасын төлөгөн фермер гана өзүнө өзү күйөт, чыныгы сапаттуу техниканы тандаганга аракет кылат. Жаңылса да өзү жооп берет, бирөөнү күнөөлөбөйт. Үй-бүлөнүн, бала-бакыранын алдындагы жоопкерчилик – эң өйдө, ыйык жоопкерчилик!
Ушул жерде айта кетели – бүгүн дыйкандар мүлк ээси, жер менчикте. Ошондуктан жер иштетүүдөгү баардык көйгөйлөрдү өкмөттөн же башка жактан жардам күтпөй дыйкандар өздөрү гана чече билгени дурус. Күткөндөн натыйжа чыкпайт. Мамлекеттик бийлик жалпы багыт бериши мүмкун, бирок жардам берүүгө милдетүү эмес.
Мамлекеттик агрардык, техникалык жана каржылык саясаты да ушундай жөнөкөй, турмуштан келип чыккан адилеттүү принциптерге таянып түзулгөн болушу шарт.
Бекер үрөн таркатып, “арзан” күйүүчү май таркатып, “кыйраткан” түр көрсөтүп, “кызыл” башкармалардын усулуна салып айыл чарба тармагын башкарымыш болуунун келечеги жок.
Урматтуу дыйкан – кесиптештер, сапаттуу техниканын жардамы менен иш тутуп, өз алдынча, сарамжалдуу, натыйжалуу дыйканчылык кылып, кирешелүү эгиндерди өстүрүүгө бел байлап, сапаттуу турмуш кечирүүгө өтуңуздөр!

Автордон
Урматтуу жердештер,
Сиздердин өз алдынча сайт ачып эли-журтту жаңылыктар менен тааныштырып туруу демилгеңиздерди сыймыктануу менен кабыл алдым.

Мен да Сиздер аркылуу өзүмдөгү жалпы улуттук мааниге ээ болгон маалыматтар менен бөлүшүп турууну ниет кылып койдум.
Эсенчилик, ийгиликтер каалап,
Манас Саматов

Айыл-чарба инженер механиги, техника илимдеринин кандидаты
Бишкек, 2012-жыл
+996 555 111 626
+996 312 623 658

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы