Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, райондун аймагындагы райондук борборду, шаарларды, калк жашаган элдүү пункттарды санитардык жактан тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кадамжай районунун аймагында 2013-жылдын 20-февралынан 20-майга чейин шаарлардын жана калк жашаган элдүү пункттардын айлана-чөйрөсүн тазалоонун, жашылдандыруунун, көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыялансын.
Бийик тоолуу шарттагы Айдеркен шаардык жана Чаувай, Бирлик, Майдан, Көтөрмө айылдык округдарынын айрым калктуу конуштарында санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштеринин үч айлыгы 2013-жылдын 20-мартынан 20-июнуна чейинки мезгилге белгиленсин.
Ушул токтом менен белгиленген “Үлгүлүү айыл”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү үй” номинациясындагы кароо-сынактарды өткөрүү шаардык мерияларга, айылдык аймактарга сунушталсын.
Куттуктоо!!!
МАЙРАМЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН, МЫРЗАЛАР!