Районубуздагы мөөнөтү бүткөн Орозбеков, Көтөрмө, Алга, Бирлик жана Совет айыл аймактарынын башчыларын шайлоо болуп өтүп, шайлоолордун жыйынтыгы, натыйжаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №185 жана 2014-жылдын 10-январындагы №2 токтомдорунун негизинде төмөнкү атуулдар айыл аймак башчылары болуп бекитилди.
Көтөрмө айыл аймагынын башчысы
ТОКТОРОВ МАХМУД МАНСУРОВИЧ
Сүрөт автордуку
1960-жылы Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында туулган. Билими жогору. Жалпы эмгек стажы – 26 жыл.
Махмуд Токторов 2005-жылы декабрь айында атаандаштык шартта эл тарабынан Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Андан 2009-жылы декабрь айында да шайлоо болуп, айылдык Кеңештин депутаттары толугу менен М.Токторовго ишеним көрсөтүшкөн. Айыл өкмөт башчысы болуп иштегенден бери 8 жылдын ичинде калк менен тыгыз байланышта иштеп, ар бир айылда элдин көйгөйлүү маселелерин аныктап, алардын социалдык маданий жашоо деңгээлин, инфраструктурасын көтөрүүдө, бир топ алгылыктуу иштерди турмушка ашырды.
Токторов Махмуддун аракети менен сырткы инвестицияны тартуу иштери эң жакшы жолго коюлган.
2013-жылдын декабрь айында болуп өткөн айыл аймак башчысын шайлоодо депутаттар Махмуд Токторовго мындан ары да ишеним көрсөтүшүп, кийинки мөөнөткө шайлашты.
Мындай жигердүү аракеттин негизинде республикабызда жылдын жыйынтыгы менен «жылдын мыкты айыл өкмөтү» деп да табылган.
Орозбеков айыл аймагынын башчысы
ЖОЛДОШОВ АБДЫГАНЫ ТАГАЕВИЧ
Сүрөт автордуку
Орто мектепти бүткөндөн кийин, эмгек жолун «Кадамжай» совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1984-86-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1987-жылы Казакстандагы Джамбул технологиялык институтуна кирип, 1992-жылы аяктаган.
Жогорку билимге ээ болгондон кийин Кадамжайдагы кийим тигүү фабрикасында экономист, андан бөлүм башчы, башкы инженерге чейинки кызматтарда эмгектенген. 1994-1996-жылдары, Бишкек шаарында «Доор» фирмасында коммерциялык директор, 1996-2001-жылдары Орозбеков айыл өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеген. Андан бери жеке ишкердик менен алектенип иштеп келди.
Бирлик айыл аймагынын башчысы
ЖОРОЕВ АСАНБАЙ ТАШЕВИЧ
Сүрөт автордуку
Эмгек жолун 1993-жылы Айдаркен совхозунда агроном болуп иштөөдөн баштаган.
1995-1996-жылдары «Элита» дыйкан чарбасынын жетекчиси, 1996-2003-жылдары Бирлик айыл өкмөтүнүн жер адиси, 2003-2007-жылдары Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармасында ага топограф, 2007-2011-жылдары «Айкөк» айыл чарба кооперативинин башчысы, 2011-2013-жылдары Бирлик айыл өкмөтүндө жер адиси болуп иштеп келди.
Алга айыл аймагынын башчысы
АКБАРАЛИЕВ КАБЫЛ АБДУБАКИЕВИЧ
Сүрөт автордуку
Бир топ жылдардан бери ушул күнгө чейин Алга айыл өкмөтүндө инвестиция тартуу боюнча башкы адис, муниципалдык мүлк, өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис, социалдык маселелер боюнча башкы адис болуп иштеп келди.
Үй бүлөлүү, 6 баланын атасы.
Совет айыл аймагынын башчысы
ДОСАТОВ ЗАМИРБЕК МАМАСЫДЫКОВИЧ
Сүрөт автордуку
2003-жылы Совет шаарча башкаруусунда жаштар иши боюнча координатор, 2008-жылы Совет шаарча кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2012-жылы дагы Совет айылдык Кеңешине депутат болуп шайланып, Кеңештин төрагасы болуп иштеп келди.
Асылбек Тажибаев, атайын кабарчы