КЫЗМАТТЫК ДАЙЫНДООЛОР

Салык кызматында жаңы жетекчи

Жолдошев Ж
Жолдошев Жарматбек Эсеналиевич 1965-жылы 30-декабрда Кадамжай районунун Пүлгөн айылында туулган. Б.Айтматов (мурда Ломоносов) мектебин бүтүргөн. Орто билимден кийин Кыргыз мамлекеттик Ж.Баласагын атындагы Университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1987-1993-жылдар ичинде райондук финансы бөлүмүндө бухгалтер болуп иштөөдөн баштаган.
1993-1994-жылдары Кадамжайдагы Промстрой Банктын жетекчисинин орун басары, 1994-1999-жылдар ичинде казына бөлүмүнүн башчысы, 1999-2000-жылдар райондук финансы бөлүмдөрүн жетектеди.
2000-2004-жылдары райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары кызматтарында иштеди. Ал эми 2004-2008-жылдары Баткен областы боюнча салык инспекциясынын начальниги, 2008-2009-жылдары Ош шаардык салык инспекциясынын начальнигинин орун басары, 2009-2010-жыл ичинде Лейлек районунун Салык кызматынын начальниги, 2010-жылдан ушул күнгө чейин Майлуу-Суу Салык кызматынын начальниги болуп иштеп келди.
2012-жылдын 25-октябрында КРнын Өкмөтүнүн Мамлекеттик салык кызматынын №607-л буйругунун негизинде Кадамжай райондук мамлекеттик салык кызматынын начальниги болуп дайындалды.
Үй бүлөлүү, 4 баланын атасы.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы