2013-жылдын 28-январынан 3-февралына чейинки мезгилде болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө КЫРГЫЗ РУСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2013-жылдын 6-февралдагы №18 жана 2013-жылдын 7-февралдагы №23 ТОКТОМУ менен төмөнкү атуулдар бекитилди.
ПАЗЫЛОВ АСАНБАЙ ТАБАНОВИЧ
Кадамжай шаарынын мэрии
1963-жылдын 13-февралында Кадамжай районундагы Пүлгөн айылында туулган.
1980-жылы Ломоносов атындагы орто мектепти бүтүрүп, Фрунзедеги №9 кесипчилик-техникалык окуу жайында окуган.
1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин
Фрунзедеги политехникалык институттун технология факультетинде билимин уланткан.
1989-жылы аталган институтту ийгиликтүү аяктап, жогорку билимдүү инженер-технолог адистигине ээ болот. Жаш адис Кызыл-Кыя эт комбинатына мастер болуп иштөө үчүн жөнөтүлөт.
1992-жылы Кадамжай эт комбинатынын башкы инженер кызматына которулган.
1994-1999-жылдары Кадамжай сурма комбинатында бөлүм башчы, директордун орун басары, коммерциялык директор болуп эмгектенген.
2000-2005-жылга чейин Кара-Балта тоо кен комбинатынын инженери.
2006-жылдан тарта “Пүлгөн-Жаңы жер” коомунун төрөгасы болуп иштеп келди.
Кыргыз, орус, англис тилдерин билет. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун атасы.
МУКУМОВ МОМУНЖОН
Айдаркен шаарынын мэрии
1952-жылдын 23-январында азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кичи-Айдеркен айылында туулган.
1968-жылы орто билимге ээ болгон.
1970-1976-жылдары Ташкент политехникалык институнун технология факультетинде окуган. Эмгек жолун Оштогу спирт материалдар комбинатында иштөө менен баштаган. Улук мастер, технолог, башкы технолог, заводтун начальниги болуп иштеген.
1979-1981-жылдары Кызыл-Кыя спирт материалдар заводунун мастери.
1981-1995-жылдары Айдеркен сымап комибинатында мастер, инженер, башкы инженер, цех башчысы болуп иштеген.
1995-2000-жылдары “Айдаркен” ЖКОнун директору.
2000-жылы Айдаркен чек ара отрядында КЭСтин начальниги.
2008-2012-жылга Кызыл-Кыядагы Түштүк-Кыргыз цементи ишканасынын башкаруу бөлүмүндө иштеген.
2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Айдаркен сымап акционердик коомунда директордун орун басары кызматында иштеди.
Баткен коогалаңынын катышуучусу, КСДПнын мүчөсү.
Үй-бүлөлүү 3 баланын атасы. Кыргыз, орус, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт.
АБДЫРАХМАНОВ АХМАТЖАН ТУРСУНОВИЧ
Үчкоргон айыл округунун башчысы
1964-жылыдын 29-авгусунда азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында туулган.
1971-жылы А.Рудаки атындагы орто мектебинин кирип, 1981-жылы орто билимге ээ болгон.Ошол эле жылы Өзбекстандын Кокон шаарындагы Автожол техникумунан билимин уланткан.
1982-жылдан 1984-жылга чейин Советтик Армиянын катарында кызмат кылган.
1986-жылы аталган техникумду бүтүрүп, Кызыл-Кыя шаарындагы “Автотехтейлөө” ишканасында мастер болуп эмгек жолун баштаган. 1995-жылы ишкананын директору болуп дайындалат. Ал эми 1997-жылы Кызыл-Кыя тамеки ферментация заводунда инженер, директордун орун басары кызматтарында иштеген.
1999-жылдан 2006-жылга чейин Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы. Мамлекеттик кызматтарда иштөө менен бирге Кызыл-Кыядагы Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен металлургия институнун экономика факультетин бүтүргөн.
2006-жылы Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчисинин жардамчысы болуп иштеп, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгүнүн орун басары.
2012-жылдын 23-август айынан 2012-жылдын 12-ноябрына чейин Үч-Коргон айыл округунун башчысынын милдетин аткарган.
Үй-бүлөлүү, эки перзенттин атасы Кыргыз, орус, казак, өзбек тилдерин билет.
МУРАТОВА ЛАТИФА
Майдан айыл округунун башчысы
1958-жылдын 23-февралында Майдан айыл округунун Кароол айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
1965-жылы Федченко орто мектебинин биринчи классына кирип, 1975-жылы Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы мектеп интернатын бүтүргөн. Ушул эле жылы Бишкектеги В.Маяковский атындагы кыз келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин артыкчылык менен аяктаган.
1980-жылы Федченко орто мектебинде окутуучулук иштен эмгек жолун баштаган.
1984-жылы аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, 1987-жылы мектептин директору болгон.
1992-жылы Федченко орто мектеби, Исфайрам жана Майдан орто мектептери болуп экиге бөлүнгөн. Л. Муратова Майдан орто мектебинин директору болуп дайындалган.
2005-жылы “Пум Кароол” коомдук фондун уюштурган.
2008-2010-жылдары БатМунун окуу маалымат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Бүгүнкү күнгө чейин аталган фондунун төрайымы болуп иштеп келди.
Үй-бүлөлүү 5 баланын энеси.
КОРГОНБАЕВ КУТМАН КУРБАНОВИЧ
Кыргыз-Кыштак айыл округунун башчысы
1962-жылдын 26-сентябрында Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айылында туулган.
1979-жылы орто билимге ээ болгон.
1983-жылы Ош педагогикалык институтунун филалогия факультетин бүтүргөн.
1983-1988-жылдары Т.Тургунов атындагы орто мектебинде мугалим болуп, эмгек жолун баштаган.
1988-1990-жылдары райондук билим берүү бөлүмүндө иштеген.
1990-2000-жылга чейин кайрадан эле мугалим болуп эмгектенген.
2000-жылы Орозбеков газ бөлүштүрүү станциясында оператор.
2000-2005-жылдары Түштүк газ магистралы башкармалыгына караштуу “Орозбеков” газ бөлүштүрүү станциясынын бөлүм башчысы.
Ушул күнгө чейин Т. Тургунов атындагы орто мектебинде кыргыз тил жана адабияты сабагынын мугалими болуп иштеп келди.
Кыргыз, орус, өзбек тилдерин билет. Үй-бүлөлүү 2 кыз, 3 уулдун атасы.