САЯСАТ

АЛДЫДА ШАЙЛОО, ТЫНЧ ӨТКӨРӨЛҮ!

шайлоо
25-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Азыркы учурда үгүт иштери башталды.
Бирок, ошол эле учурда бирин-бири көзөмөлдөп, кетирген кемчилдигин көрсөтүп, жалпы өнүгүп-өсүүгө салымын кошкон эки же үч, төрт саясий партиялардын болгону жетиштүү экендигин “демократиянын бешиги” деп аталган Американын Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн турмуштук практикасынан көрүп жатабыз. Бул бүгүн “Элиме чын дилим менен кызмат кылам” деген өлкөдөгү саясий күчтөрдүн бардык лидерлерин ойлондурууга тийиш.
Алсак, Кадамжай шаарыбыздан 6 саясий партия, ал эми Айдаркен шаарынан 5 саясий партиялар каттодон өтүшкөн. Ушул эле учурда бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештерге да каттоо аяктады. Жалпысынан алганда жергиликтүү кеңештерге районубуз боюнча 305 мандат, башкача айтканда 305 депутат шайланып өтүүсү керек. Канткен учурда да бүгүн шайлоого аттанганы жаткан партиялар, жамааттардан көрсөтүлгөндөр жана өзүн-өзү көрсөткөндөр жергебизде тынчтыктын бейпилдиктин орношуна Кыргызстанда жашаган бардык элдердин биримдигин, ынтымак ырашкерлигин бекемдөөгө, өлкөбүздүн кризистен чыгып, өнүгүп-өсүүсүн камсыз кылууга татыктуу салымдарын кошсо деген элдин тилеги.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы