Өткөн жумада «Жаштык» маданият сарайынын алдында калкыбыздын калың катмарына кара аттын кашкасындай белгилүү коомдук ишмер Адахан Мадумаров менен коомчулуктун жолугуушусу болуп өттү. Жолугушууда Адахан Кимсанбаевич партиянын негизги максаты уруу-урууга, улутка жана бай-кедейге бөлбөй, чачылган элдик байлыкты калыбына келтирип, бир бүтүн мамлекет болуп жашоо экенин айтты. Анан экономикабыздын алсыздыгын түшүндүрүп, өлкөбүздү кризистен чыгышына жана өнүгүшүнө, жергебиздеги кен-байлыктар зор өбөлгө болоорун баса белгиледи. Бирок кен өндүргөн ишканалардын толук кандуу иштебей аксап жатышына, негизги себепкер азыркы туура эмес жүргүзүлүп жаткан саясат-деди.
Андан тышкары эгемендүү өлкөбүздөгү башкаруу системасына көз-карашын билдирип, Жогорку Кеңештеги тартипсиздикке жана кадр маселесине токтолду.
Саясатчынын айтымында, «Союз мезгилинде такшалган адистер менен бүгүнкү жаш адистер бирге иштетсе, бир топ натыйжалуу болот.» – деп билдирди.
Андан кийин аталган партиядан Кадамжай шаардык Кеңешине депутаттыкка аттанган талапкерлерге сөз берилди.Талапкерлер өздөрүнүн программалары тууралуу элге кеңири айтып беришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Адахан Мадумаров эл тарабынан берилген бир канча суроолорго жооп берди.
А.Асанов, атайын кабарчы