САЯСАТ

«АКИМ БОЛО ТУРГАН АТУУЛДАРЫБЫЗ АРБЫН»

OLYMPUS DIGITAL CAMERA
Көөдөндө калган ой-пикир
Токтомат Ганыевич, 2012-жылдын 1-февралда өткөн райондун акимин шайлоодо өтпөй калган элеңиз. Сизге 13 депутат ишеним көрсөткөндөн кийин ыраазычылык билдирип, шайлоодон кийин интервью берем деген элеңиз.
Ушул шайлоодо жеңилип калганыңызга нараазы болдуңузбу?

-Биринчиден жеңилген жокмун. Депутаттардын көпчүлүк бөлүгү мен үчүн добуш беришти. Бирок, мыйзамда бардык депутаттардын жарымынан көбүнүн добушун алыш керек болгондуктан өтпөй калдым.
-Эки эле депутат шайласа өтмөк экенсиз. Сүйлөшсө болбойт беле?
-Эми ачыгын айтайын биринчиден кичине ооруп жүргөнмүн. Ошондуктан бийликке деле анча көңүлүм тартпай турду. Экинчиден, бир нече депутат мага келип, мен сизди шайласам, мага бул кызматты бересизби деп, соодалаша башташкан. Мен аларга ачык эле жакшы иштеп жаткан жетекчиге тийбеймин, аларда деле бала-чака, тиричилик деген бар. Эгер бир бош орун болуп калса, анда көрөбүз деп айтканмын.
-Кээ бир депутаттардын акча сураган жайы да болду беле?
-Андайлар деле болду. Бирок, мен бирөөгө акча бербейм да, албайм да деген жоопту айткам.
-Депутаттарга кызмат, акча берем деп сөз бербесеңиз, эмнеге ишенип утам деп ойлодуңуз?
-Биринчиден 100 пайызга утам деп ойлогон эмесмин. Экинчиден, райондогу иштерди угуп, көрүп сессияда карап жатышса, алар деле кудайдан коркуп мени колдосо керек деген ойдо болгонмун.
-Кайсы иштер туурасында айтып жатасыз?

-Акимчиликтин алдындагы брусчатканы жаткызууну эле айтайын. Аны бүтүрдүк. Чоң жыйын өтчү залдын чатыры жоктугунан бузула баштаган. Анын чатырын жаңыладык. Артындагы ашканага кирсең, качып чыккың келет эле. Бул ашкананы толугу менен капиталдык ремонттон чыгардык. Өз короосун карабаган аким районго керек беле? Эки жылда бир да чатырланбаган жана ремонт болбогон мекеме-уюм калган жок. Спорт зал, стадион, маданият үйү, райондук билим берүү бөлүмүнүн имаратынын ичи кандай деңгээлге жетип калганын элибиз жакшы билет эле. Алардын баары ремонттон чыкты. Райондо айыл округдары менен биргеликте 30 млн дон ашык стим.грант алынып келинген. Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблеясы менен иштеп, 17 чоң суу насосу, 30дан ашык кичине суу насосторун орноттук. 7 мечит, 3 мектеп бүтүрдүк. Канчалаган социалдык обьекттилер ФАП, клуб, балдар бакчалары, милиция бөлүмчөлөрү курулду. Бүтпөй калган 3 мектеп толук бүткөрүлүп, андын тышкары 2 жаңы мектеп толугу менен бүткөрүлдү. 25тен ашык жаңы электр трансформаторлору орнотулду. Райондогу бардык жетекчилер, айыл округ башчылары менен тыгыз байланышта болуп, бир топ иштер алдыга илгерилегендигин элибиз көрүп турат.
-Сиз 2 жыл аким болуп туруп, эч кимден пара албадым деп жатасызбы?
-Жок, антип айта албайм. Бирок, мажбурлап, жетекчилердин ичинен кыйкым таап, жок эле жерден текшертирип, же жаңы жумуш орундары бошосо сунуш үчүн акча талап кылган жокмун. Ар бир бошогон жетекчинин ордуна мурдатан калыптанып калган өзүнүн ставкасы болгон. Кээ бир татыктуу жетекчилердин акчасы жоктугунан олтура албай калган учурлары көп кездешкен. Мен иштеген убакта ушундай сөз болдубу? Элден сурагылачы? Элибиз, жердин астында жылан кыймылдаганын билип турат эмеспи. Бирок, кээде мейман-сыйман келип калган учурларда кээ бир иштерди бүтүрүү үчүн суранган учурларым болгон.
-Азыркы учурда эмне иш менен алектенип жатасыз?
-Аким болгонго чейинки эски бизнесимди жүргүзүп жатам.
-Сизди ооруп жатат дешти го?
– Ооба, бир нече жылдан бери ооруп, бирок операциядан качып жүрөт элем. Жакында операция кылдырып дарыланып келдим.
-Азыр ден соолук кандай?
-Көрүп турасыздар го. Кудайга шүгүр.
-Эми саясатка аралашайын деген оюңуз барбы?

-7-апрелде революция болуп 100 жакын адам өлүп, 1000 ашык адам түрдүү жарааттарды алды. Дагы эле баягы бийлике келе калып, жеп ичип, эч нерсеге жол бербей, арам акча таап жүргөндөрдүн ичинде жөн эле жүрө албайм го.
-Ачык айтсаңыз кимдер тууралуу айтып жатасыз?
-Мына мен бир СДПК партиясына кирип, 10 жылдан бери, анын ачык таттуусуна чыдап жүрдүк. Максат бир гана Кыргызстандын кыргыз элинин келечеги. Бала-чакаларыбыз өнүккөн мамлекетте жашаса деген ниетте Бакивдердин режими менен күрөштүк. Революция болоордун алдында Баткен областына келген бийликтин туура эмес жасап жаткан иштерин ачык жарыялап турган гезиттер, брощюралар толук мен аркылуу өткөн. Бишкектен ошол кездеги ЖК депутаты азыркы зам.губернатор Карамат Бабашевнаны мага жөнөтүп, мен аларды районго таркатып, Баткен, Лейлек райондоруна бара турганын ошол жака жөнөтүп турганмын. Ошондо укук коргоо кызматкерлери газеталарды таркатып жүрөт экенсиз деп сурак кыла башташкан. Кудайга шүгүр революция болуп кетип, кутулуп кеттик. Болбосо, кандай күндө каларыбызды ким билсин.
-Эми Бакиевдин убагында иштеген жетекчилер азыркы күндө иштебеш керекпи?

-Таза, эл үчүн күйгөн, кичине болсо да эл үчүн кылайын деген жетекчи болсо, эмне үчүн иштебеши керек.
-Ошондой атуулдарыбыз барбы?
-Райондо андай жетекчилер толтура. Бир эле мисалы айтайын Лесхоздун начальниги Абибилла Темиров, мен аким болгондон кийин аны чакыртып, кийик аттырып бересинби десем, жок иштен алсаңыз алың, бирок, кийик аттырып келип бербеймин деп ачык эле айтты. Таза бала экен деп ичимден ал киши жөнүндө жакшы пикир калды. Акимчилике ишке чакырсам келбей койду. Лесхоздо жакшы иштер жүрүп жатканын көрүп, билип турасыздар деген ойдомун. Районубузду ушундай жетекчилер жетектесе жакшы болмок.
-Бардык нерсе мыйзам чегинде болуусу керек. Жакында жергиликтүү Кеңештерге шайлоо болуп өттү. Эл деле кайсыл партия, элдин Кыргызстандын келечеги үчүн иштеп, күрөшүп жатканын сезип калды окшойт. Кайсы партияда арам акча топтоп, миллиондогон акчаларды жегендерди көрүп, сезип турат.
-Райондук же айыл округунда аны кантип аныктайсыздар?
-Эл баарын билет. Кечээги коммунист, кийинки демократ, андан кийин Ак-Жолчу, андан Жаңы Кыргызстан, Бүтүн Кыргызстанга кирип, анан эле Республика партиясына кызмат кыла баштагандар элдин алдына бара албай калат ко. Андайлар райондо, областта билинбей калышы мүмкүн. Бирок, айыл аймагында мындайларга орун жок. Андай учурда эл да айтат: “Сен бизди уят кылдың, эртең сен бизди да сатып кетесиң!” дегендей кептер менен. Мындай адамдар айланып барып, барыбир элдин алдына барат ко.
-Акырында айтаар сөзүңүз?
-Канткен күндө да эми буюрса, дагы районубуздун акими шайланат. Жер-жерлерден шайланып келген депутаттарыбыз, ушул шайлоодо эл үчүн кызмат кыла турган акимди шайлайт деген ишеничтемин.
-Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Маектешкен А.Тажибаев

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы