САЯСАТ

Жети областтагы президенттин өкүлдөрү дайындалды

Ош областындагы президенттин өкүлү болуп Зиядин Жамалдинов дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка бүгүн, 22-июлда президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчысынын дагы башка жарлыгы менен Алимбаев Абдикарим Карбекович Баткен областындагы президенттин өкүлү болуп дайындалды.

Ошондой эле президенттин жарлыгы менен Ашимбаев Сабыркул Абасович президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кожоев Мирбек Көкүлбаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Нарбеков Бакытбек Наркулович президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сыргабаев Абсаттар Токтогулович президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Тентишев Эркин Саткынбаевич президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалышты.

 

Барометр.kg

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы