САЯСАТ

Бийликке адилетүү баа

Абдинаби Назарбаев
Жакында коомдук каналдын жарнактарды билдирүү айлантмасынан Жогорку Кеңеште депутаттык топ түзүлүп, Ө. Текебаев КРнын Баш мыйзамын өзүнүн кызыкчылыгына түзүлгөн эмес деген комиссиянын жыйынтыгын билдирди. Бул маселе боюнча далилдүү пикирлеримди окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүм.
Чындыгында Ө. Текебаев Баш Мыйзамды өзүнүн жеке кызыкчылыгына түзгөн эмес. Маселе башкада. Тактап айтканда, ал кыргыз элинин кызыкчылыгына түзүлбөстөн чет өлкөлөр менен бийликтин кызыкчылыгына түзүлгөн десем жаңылышпаймын. Аны далилдөө үчүн, Баш мыйзамдагы кээ бир беренелерди чечмелеп түшүндүрмө берейин.

КРнын Констититутциясынын 2-беренесине токтолсок,
1. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана КРсындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.
2. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конститутциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын системасы аркылуу жүзөгө ашырылат-деп жазылып турат.
Жогоруда аталган беренеге юридикалык баа берсек, ушул нормада көрсөтүлгөн берененин биринчи катарындагы элдин укугуна кийинки катарындагы нормадагы элдин укуктары дал келиш керек эле. Мында экинчи катарындагы нормалар элдин укуктары шайлоолор менен гана чектелип, көмүскөдө элдин алдында бийлик жасаган иштери боюнча отчет берет деген нормалар жазылган эмес.
Эми 52-беренедеги курултайга токтолсок, ал берененин 2-катарында төмөнкүдөй жазылган:
Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултайдын чечими сунуш катары тийешелүү органдарга жиберилет. Мында өзүңүздөр окуп баамдагандай элдин курултайдын чечими сунуш катары жиберилет. Бийлик кааласа аны аткарат каалабаса аткарбайт дегенди билдирет. Ошентип Баш мыйзам боюнча бийлик эч кимге отчет бербейт. Анан да бийликтегилер биз демократиялык өлкөдө жашап жатабыз деп коюшат.
Демократия деген эмне? Демократия бул-элдик бийлик. Чыныгы элдик бийлик болуу үчүн бийликти эл шайлап, эгерде элдин ишенимин актабаса аны эл бошотуусу керек. Элдин ишеними деген сөз бул мамлекеттин кызыкчылыгы жана жергиликтүү элдин кызыкчылыгы болууга тийиш. Мыйзам түрүндө бийлик элдин алдында отчет берүүгө милдеттүү. Бүгүнкү күндө бийлик кимге отчет берет? Өкмөттү депутаттар шайлайт. Өкмөт депутаттарга отчет берет. Депутаттар болсо, бир кырсык же эл жарылып көтөрүлүшкө чыкканда гана кээ бир депутаттар эл менен жолугууларды өткөрүшөт. А Президентти айтпай эле коелу.
Эмне үчүн бийлик курултайды мыйзамдаштырыштан баш тартып жатат. Ага чет өлкөлөр менен сатылган бийлик макул болбойт. 20 жылдык тарых далилдебедиби. Президентти, премьер-министрди. Партиянын лидерлерин чет өлкөлүктөр өздөрүнүн кызыкчылыгына сатып алууга болот. А жалпы элди сатып алууга мүмкүн эмес. А курултайда болсо, мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйлөр каралат. Бирок, курултайдын башкаруучуларына да сатылган дежурный адамдар шайланып калса, анда да коомубузда өзгөрүү болбойт.
Мисалы: Конститутциянын 12-беренесинин биринчи катарында жер анын кен байлыктары аба мейкиндиктери суулары токойлор ж.б.у.с. жаратылыш ресурстары КРнын менчиги болуп саналат. Ал мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат-деп белгиленген. Ошол эле учурда 40-берененин биринчи катарында: Ар кимге ушул Конститутцияда мыйзамдарда КРсы катышуучу болуп саналган Эл аралык келишимдерде, Эл аралык укуктук жалпыга таандык принциптерде жана ченемдерде каралган анын укугу менен эркиндиктери соттук коргоого кепилдиктер берилет. Мында белгилей кетчү нерсе 12-беренедеги элге таандык болгон. Жер кен-байлыктарга карама-каршы келген нормалар мыйзамдаштырылган. Азыркы бийликтин эң чоң каталыгы дал ушунда. Ошол мыйзам кабыл алынган учурда Ө. Текебаев баш болуп биз чет элдик келишимдерди сактайбыз. Бирок, КРнын экомомикасынын кызыкчылыгына туура келбеген келишимдерден баш тартабыз деген норманы киргизиш керек болчу. Мындай норма КРнын экономикасынын өнүгүүсүнө өтө манилүү эле. Себеби, чет өлкөлөр менен экономикалык багыттардагы түзүлгөн келишимдер кыргыз элинин кызыкчылыгына түзүлгөн эмес. Башкача айтканда киреше түшүүчү чоң тармактарды чет өлкөлүктөр ээлеп, мамлекеттин казынасына түшүүчү акчалар сыртка кетүүдө. Бийлик болсо киреше түшүүчү тармактарды чет өлкөлүктөргө алмайын алып, сатып, карыз менен бюджетти жаап элди алаксытып келүүдө. КРнын жер кодекси боюнча жер чет өлкөлүктөргө сатылбайт деп белгиленгени менен, бир мекеменин 51% акциясын сатып алды деген сөз ал мамлекеттин карамагында эмес дегенди билдирет. Ошол мекеменин 51% акциясына ээ болгон чет өлкөлүк компаниялар чыгарган продукциясын эч качан киреше менен көрсөтүшпөйт. А продукцияга кетирген чыгымдарын бир канча көпкө эсептейт.
Мисалы Кадамжай сурма комбинаты 1 тонна сурманы 10 миң доллар болсо, алар 11 миң доллар продукцияга иштетет экен.
Эми коомчулукка малым болгондой Кумтөр маселесине токтолсок, Азыркы бийлик Кыргызстандын казынасына 5 млрд сомго жакын келишимге өзгөртүү киргизгендигин билдирүүдө. Канадалык компаниялар болсо бир жылда 20 тоннадан ашык алтынды ташып кетсе, анын 17 млрд сому акчалай Кыргызстанга калат экен. Ошондо канча килограмм алтын өлкөбүздө калат? Экономика министри Т. Сариевдин жакында теледен элге суроо жооп берген учурда «Акчанын ордуна накталай алтын менен эсептешсе болбойбу?» деген суроо түштү. Ал суроого Т. Сариев: «Интернеттен издеп таппадым. Мисалы Азербайжан менен Россия өлкөсүндө да нефтинин кирешесин акчалай алышат » деп жооп берди. Алтынды нефтиге салыштырып, интернеттен издебей эле чечим кабыл алса болмок. Себеби алтын нефтиге окшоп күйүп же учуп кетпейт. Алтынды ак үйдүн астына сактап койсо аны чычканда жебейт өзүнүн сапатын өзгөртпөйт эмесби. Ошондуктан Кумтөр боюнча жаңы келишим түзүлгөндө алтындын өндүрүлгөн продукциясынан 70 % накталай Кыргызстанга 30% аларга түзгөндө гана мамлекеттин кызыкчылыгы деп айтса туура болот. Бүгүнкү күндө бийлик экономикалык келишимдер боюнча канча пайыз Кыргызстанга болгондо анын кызыкчылыгы каралат экендигин жакшы билишпейт. Оозеки теледен Кыргызстандын кызыкчылыгына каралды деп коюшат. Элдин бийликке болгон ишенбестиги дал ушундай маселелерде болуп жатпайбы? А бийлик болсо элдин байлыгын бир эле лицензия менен сатып жатат. Мисалы ГЭСтер боюнча Россия менен келишимдер түзүлдү. Эл ага каршы эмес. Бирок негизинен белгилүү бир мөөнөттөн кийин ал ГЭСтер Кыргызстанга калышы керек. Андай болбосо Кыргызстандын кызыкчылыгы каралды деп айтууга болбойт. Жумушчу бизден, пайдасын силер көргүлө деген туура эмес. Кээ бир дежурный саясатчы серепчилер Кыргызстандын келечегине терең маани бербей, К. Бакиевтин адамдары элди митингдерге чыгарып жатышат деген сөздөр да туура эмес. Андай да болушу мүмкүн. Ошол серепчилер жогоруда белгиленген орчундуу маселелерге көңүл бурушпайбы? Мамлекетти өнүктүрөмүн деген бийлик А. Акаев, К. Бакиев Р. Отунбаева бийликтеринин тушундагы экономикалык багыттардагы чет өлкөлүк компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди ревизия кылып, кайсынысы мамлекеттин кызыкчылыгына түзүлгөндүгүн же түзүлбөгөндүгүн аныктап, аларды жалпы элдин кызыкчылыгына саясий эрктүү чечим кабыл алышы керек. Өлкөбүздө 20 жылдын ичинде 2 жолу бийлик 8 жолу Баш мыйзам 24-премьер-министр Кумтөр алтын кени боюнча 22 жолу комиссия түзүлдү. Эмне өзгөрдү? Кандай бийлик, мыйзам реформа өзгөрбөсүн ал мамлекеттин жана элибиздин кызыкчылыгы үчүн гана өзгөрүүсү керек. Тилекке каршы биздин өлкөдө чет өлкөлөрдүн, бийликтин жана коррупциялык топтордун кызыкчылыктарына реформалар жүрүп келди.
Өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү үчүн азыркы бийлик киреше түшүүчү чоң тармактарды мамлекет өзүнө алуусу керек. Атап айтканда алтын, ГЭС, көмүр чыгуучу жайлар, баалуу кагаздарды, паспорт чыгаруучу жайларды, Mega kom ж.б байланыш түйүндөрүн пайдасын мамлекет көргөндө гана өлкөбүздө экономикалык өнүгүү болот. Эгерде бийлик андай саясый чечкиндүү кадамдарга барбай турган болсо азыркы бийлик да мурдагы бийликтегилердин жолун жолдоп, чет өлкөнүн вазийпасын аткарып, элибиз өз кен байлыктарына ээ чыкпай, маданияттуу кулга айланып чыныгы эгемендүүлүгүбүз камсыз болбой, жаман үй-бүлөнү коногу тейлейт болуп, чет өлкөлүктөр элибизди башкарып калат.
Негизинен өлкөбүздө кандай башкаруу болбосун жогорудагы келтирилген кемчиликтерди түзөтүп алар өз саясатын бир гана мамлекеттин кызыкчылыгын тегерегинде жүргүзүшү керек.
Коомубузда болсо чыныгы мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн жалпы элдин жана саясый партиялардын башын бириктирген идеология жок. Партиялардын идеология биринен экинчиси көчүрүлүп анын түпкү нускасы чет өлкөдөн келген. А мамлекеттин чыныгы эгемендүүлүктү камсыз кылган идеологиясы жок. Мамлекеттик идеология кабыл алынмайынча эч качан экономикалык өнүгүү болбойт жана туңгуйуктан чыкпайт. Ошондой эле бийлик элдин ишенимин актабайт. Коомубуздагы кемчиликтер баары тең идеологиянын жоктугунан.

Абдинаби Назарбаев
Юрист, акын. Баткен облусундагы Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты.

2 Пикирлер

  1. Рахмат сизге бирок озубуз шайладык ишенип азабын озубуз коробуп атабыз, элдин умуту алардын инсап кылышына келип токтолуп атат.
    Бул иште чыныгы Мамлекеттин иштеринин стратегиясын тузотурган эр азаматтар керек бирок азыр кайсы структура болбосун акча чечип калды

  2. Кудай буюрса Кыргызстан бир куну баари бир онолот. Сабыр кылалы туугандар. Жегичтер, акча деп куну туну уйкудан безген чиновниктер да бир кун Аллахка тообо келтирип, элим жерим Аллахым деп- туура жолго тушушоор.
    Айылдын депутатынан баштап коррупция болсо, анда жогорудагылар жон отурмак беле. Акимдерди, айыл Окмоттун башчысын шайлоодо депутаттар акчага сатылып жатканын угуп, мен озубуздун ушунчалык пас экендигибизди билдим. Уят туугандар….. уят керек. Акчага шайланган чондор эмне иш кылып жалчытат. Ошолор элди, жерди ойлойбу…….

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы