Назарбаев Абдинаби Салиевич 1964-жылы мурдагы Ош областынын Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылында туулган. Кесиби Юрист. 1992-жылы Казах Республикасынын Караганда шаарындагы ички иштер кызматына атайын даярдоочу жогорку окуу жайын бүтүргөн. Милициянын запастагы майору. Үй-бүлөлүү эки уул бир кыздын атасы. Үч китептин автору. «Турмуштун тунук ыры, тилибиздин ачылган сыры» ырлар жыйнагы. «Тилибиздин өчпөс сыры» методикалык колдонмо, «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн (мамлекетинин) нукура идеалогиясы».
Урматтуу мекендештер! Эгерде сиздер Кыргызстандын келечегине кайдыгер болбой өз ата мекениңизди сүйүп, кыргыз эли келечекте маданияттуу кулга айланбашын кааласаңыздар анда сунушталган макаланы көлөмүнө карабай окуп чыгып, анализдеп өз пикириңиздерди сунушуңуздарды билдирсеңиздер болот. Андай сунуш пикирлер да сиздин өлкөгө кошкон салымыңыз.
Идеологиянын автору сиздерге жооп берүүгө даяр жана ал сиздер менен бирге.
Кыргызстанда мамлекеттик идеология жеке бийликтин кызыкчылыгынан улам 20 жылдан бери өзөктүү түптөлгөн жок. Анын натыйжасында өлкөбүздө кайра эле ар кандай баш аламандыктар болуп, экономикалык, социалдык, саясый, тарбиялык укуктук кризистер кайталанууда.
Идеология мамлекет тарабынан кабыл алынып калса кандай өнүгүү болот?
Биринчиден бардык тармактар боюнча өнүгүүгө жол ачылат. Бийликтин жеке кызыкчылык идеологиясына бөгөт коюлуп, коомубуздагы баш аламандыктар акырындык менен иретке келтирилет. Эгемендүүлүк баркталып, жалпы элдин бийликке болгон ишеними күчөп келекке ишеним пайда болот.
Сиздин оюңузча эгемендүүлүк баркталбай жатабы?
Ооба. Эгемендүүлүккө кыргыз эли 14 кылымда араң жетти. Анын ичиндеги өткөн тарыхка кайрылсак, канчаланган ата-бабаларыбыз кандай азаптарды көрбөдү. Жыйырма жылдан бери мамлекеттик өзөктүү идеологиясынын жоктугунан карапайым эл үлүшкө ээ болсо киреше түшүү тармактар менен кен байлыктардын чет өлкөлөр көрүп калды. Тактап айтканда кыргыз элибиз өз кен байлыктарына ээ чыкпай, жумуш орундар жоюлуп, жарандарыбыз жумуш издеп чет өлкөлөрдө иштөөгө аргасыз болуп, элибиз маданияттуу кулга айланды.
Сиздин жазган мамлекеттик идеологияныз кандай темалар менен башталат?
Кириш сөз, идеологиянын таржымалдары, себеби идеология боюнча өзүнчө китеп жок болгондуктан ар ким аркандайча түшүнөт. Ошондуктан чечмеленип берилет.
Идеологияга кайрылуунун себептери, идеологиянын зарылчылыгы, идеологиянын саясий башкаруудагы багыттары, руханый тарбиялык, экономикалык, социалдык, укуктук, коррупция менен күрөшүү. Аталган багыттар боюнча бардык коомчулуктагы кемчилдиктер жазылып, алардын кандай кылганда кемчилдиктер жоюлаары так жазылат.
Коррупция менен күрөшүүдө азыркы бийликтин аракети жетишсиз деп ойлойсузбу?
Ооба. Негизинен мамлекеттик идеология болгон соң идеологянын максаты мамлекеттин кызыкчылыгынан башталышы абзел. Ревалюциялык жол менен бийлик алмашты,
Өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргоо үчүн Акаев, Бакиев, Отунбаеванын тушунда чет өлкөлөр менен кандай келишимдер түзүлгөн жана ал түзүлгөн келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы канчалык деңгээлде каралган. Чет өлкөдөн келген гранттар жана акчалай жардамдар кандай шарттар менен жөнөтүлгөн. Аларды ревизия кылып, мамлекеттин кызыкчылыгына түзүлгөн келишимдерди колдоп, калгандарынан баш тартуу керек. Мына ошондо Кыргыз элине ким канчалык салым кошкондугу элибизге маалым болот.
Идеология кабыл алына турган болсо, бийликке кайсы партия келбесин алар менен мамлекеттик идеологиянын тегерегинде саясатты жүргүзүшмөк. Азыркы бийликтеги партиялардын идеологиясы толук кандуу мамлекеттик идеологиянын талабына жооп бербейт. Партиялык бийлик бутактарында көбүнчө жеке кызыкчылык идеологиясы үстөмдүк кылгандыгы коомчулукка маалым. Тактап айтканда партиялардын прогроммасындагы идеологиялары биринен-бири көчүрүлүп жазылган. Анын текки нускасы чет өлкөдөн келген десек жаңылышпайбыз. Жыйырма жылдын ичинде өлкөбүздө сегиз жолу Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы жана жыйырма төрт жолу премьер-министр алмашты. Өнүгүү багытында эч кандай өзгөрүү жок. Бийликтеги коррупцияланган схемалар мурункудай эле калган. Канча жолу Конституция алмашбасын алар мамлекеттин жана жалпы элдин кызыкчылыгына байланыштуу өзгөрүүсү керек.
Биздин өлкөдө болсо 1993-жылы май айында кабыл алынган Конституциядан башкасы чет өлкө менен коррупцияланган бийликтин гана кызыкчылыгына алынып келүүдө. Азыркы конституциябызда чийки, шашылыш түрүндө алынган. Мисалы, кыргыз Республикасынын Конституциясынын биринчи катарында төмөнкүдөй жазылган: «кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана КР дагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат» деп элдин бийликке ээ экендиги жазылып, экинчи катарында болсо, Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын негизинде түздөн-түз шайлоолордо, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү органдардын системасы аркылуу ишке ашырылат. Ушул Конституциянын текстиндеги нормаларды окуп анализдеп чыксак, элдик бийликтин башкаруу системасындагы укуктары Президенттик, депутаттык шайлоолор менен чектелип, эч кайсы бийлик элге отчёт бербегендиги ачык-айкын айтылып турат. Мында элдин бийликти көзөмөлдөө укуктары чектелип калган. Элдик курултай жөнүндө Конститиуциянын 52-беренесине токтолсок, анын 2-бөлүгүндө мындай жазылган. «Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултайдын чечими сунуш катары тийешелүү органдарга жиберилет». Мында өзүңөр окуп баамдагандай элдик курултайдын чечими сунуш катары эле берилет. Бийлик аны кааласа аткарат, каалабаса аткарбайт дегенди билдирет. Негизинен элдик курултайдын чечими обьективдүү болсо, бийлик тарабынан сөзсүз түрүндө аткарылышы керек. Ошондой эле жаңы Контитуция кабыл алынган учурда экономикага байланыштуу Кыргызстандын кызыкчылыгына түзүлбөгөн келишимдерден баш тартуубуз керек эле. Азыркы Конституциядан жыйынтык чыгарсак элдин сунушу, бийлик тараптан аткарылбай эч кайсы бийлик мыйзам түрүндө элге жасаган иштери боюнча отчёт бербеген соң, бийлик бутактары бөлүнгөн менен чексиз бийликке ээ десек жаңылышпайбыз. Бийлик өзүнүн үстүнөн өзү эч качан обьективдүү көзөмөлдөбөйт. Ага азыркы оппозициядагы партиядагылардын да күчү жетпейт жана формалдуу түрүндө көзөмөл жүргүзөт.
Качан гана элдик курултай бийликтин толук кандуу көзөмөлдөгөндө, элдик бийлик орноп, бийлик элге кызмат кылат. Курултай мамлекеттин үстүнөн толук кандуу көзөмөлдөөнү мыйзамдаштырууга кимдер каршы чыгат? Ага коррупцияланган бийлик жана чет өлкөлүк кеңешчилер. Алар бийликтин үстүнөн элдин көзөмөлдөөсүн жактырышпайт. Чет өлкөлүк шылуун инвесторлор өздөрүнүн материалдык кызыкчылыктарын коргоосу зарыл эмесби? Мисалы образно айтканда Президентти, премьер-министирлерди, партиянын оппазициянын лидерлерин сатып алууга болот. А элдик курултайдын баарын сатып алууга мүмкүн эмес. Бирок, курултайга да сатылган дежурный делегаттар шайлана турган болсо, анда да мамлекетибиз оңолбойт. Кандай болбосун курултай сөзсүз түрдө бийликти көзөмөлдөөчү орган катары мыйзамдаштырылышы бул элдик талап. Мында белгилей кетчү нерсе азыркы бийлик эле эмес курултай институда мамлекеттик идеологиянын тегерегинде иш-чараларды жүргүзүүсү зарыл. Башкача айтканда баш мыйзамдан да жалпы элдин башын бириктирген өнүгүүнү көздөгөн идеологиянын максаты жогору болуп эсептелет. Мамлекеттик идеология кабыл алынмайынча бийликке кимдер келбесин, жаштарбы, курултайбы, баш аламандыктар коомубузда улана берет.
Сиз идеология жөнүндө жогорку бийликтегилерге кайрылдыңызбы?
Ооба, мен Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевге, Р. Отунбаевага азыркы партиялардын лидерлерине ошондой эле Президентибиз А. Атамбаевге кайрылганмын. Негедир аларды мамлекеттик идеология кызыктырбайт. Ачыгын айтканда алар, мамлетибиздин өнүгүүсүн оозеки айтып каалагандыгы менен идеологиядан белгисиз себептер менен баш тартышууда. Мындай учурда коомубузда кандай өнүгүү болсун. Жакында эле ЭЛТР бир кичинекей жаш бала «Мен манастай баатыр болгум келет » деп сүйлөгөнүн көрдүм. Биз кыргыз эли Манас атабыз менен сыймыктанабыз, Бирок азыркы коом баатырлардын эмес, илим-билимдүү өнүгүүгө жетишкен баатырлардын коому эмесби Кыргызстандын мамлекетинин казынасына чоң киреше түшүүчү тармактардын баарын чет өлкөлөр ээлеп, буджеттин деффицитин карыз менен жаап, «жаман үй-бүлөнү коногу тейлейт болуп» алар экономикалык жактан элибиздин үстүнөн үстөмдүк кылып, башкарып калды. Биз кыргыздар өнүгүүнүн ордуна тегибизди мактап, борбор шаарыбыздын аянтына 70 метр бийиктикте тууну желбиретип, көрүнүктүү инсандарыбыздын эстеликтерин орнотконубуз кыргыз элинин ар-намысына туура келеби, Туунун желбирегени менен эстеликтердин орнотулгандыгы тарбиялык мааниси бар жакшы деңизчи, Бирок, бардык маселе каржыга жана өнүгүүгө такалып жатпайбы. Эгерде ушул жол менен өлкөбүздө өнүгүү боло турган болсо, биз кыргыз эли өнүкпөй эле чет өлкөлөргө эт, пахта, кара жумуш менен алек болуп, эгемендүүлүгүбүз билимсиз жоюлуп, туу менен эле гимнге ээ чыгып калабызбы деп шектенем.
Идеология боюнча А. Атамбаевдин коомчулук боюнча иш жүргүзгөн бөлүм жетекчилиги менин сунушума төмөнкүдөй мазмунда кат жибериптир:
«Сиздин сунушуңузду биз эске алып, сиз менен ар дайым кызматташууга даярбыз».
Мен азыркы бийликтен идеология боюнча үмүтүмдү үзүп, Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес, патриот атуулдарына идеологияны талкууга коюп, алардан суроо жоопторду күтөм.
Маектешкен: Азамат Абсаттаров