1989-жыл 15-февралы дүйнөлүк тарыхта өчпөс тамгалар менен жазылган тарыхый дата. Анкени, улуу держава аталган СССРдин куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Ооганстан Демократиялык Республикасынын аймагынан чыгарылган. 23 жылдан бери, бул тарыхый дата Ооган согушунун катышуучуларынын эскерүү күнү катары белгиленип келет. Он жылга созулган оопатсыз согушка, Советтер Союзунан барган 13миң жоокер курман болуп, 300 жоокер дайынсыз жоголгон.
Касиеттүү Кадамжайдан 275 атуулубуз бул согушка катышып, кызмат кылышкан. Өкүнүчтүү жайы 21 эр азамат жигиттерибиз интернационалдык милдетин өтөө учурунда баатырларча курман болушту. Алардын согушта көрсөткөн эрдиктери эске алынып, СССР Жогорку Кеңешинин буйругу негизинде, жогорку наамдагы “Кызыл жылдыз” ордендери менен сыйланышкан. Кандуу согушта районубуздан чакырылган 40 тан ашуун жоокерлерге “ЗА отвагу” жана “За боевые заслуги” медалдары тапшырылган.
Тарыхый маалыматтарга кайрылсак, өлкөбүз боюнча Ооганстанда курман болгон жоокерлердин санынын көптүгү биздин районго таандык. Кийинки жылдар ичинде, согуштан алган жаракаттарынын кесепетинен 16 ардагерибиз кайтыш болду.
Эгемендүү өлкөбүздүн коопсуздугун сактоодо жана жаштарга патриоттук тарбия берүүдө Ооган согушунун ардагерлери зор салымдарын кошуп жатышат. Тактап айтканда, 1999-2000-жылдары Баткен коогалаңына 45 ардагер катышып, эл аралык террористерден туулган жерди коргоодо күжүрмөн эрдиктерди көрсөтүшкөн. Ал эми Ош окуясында Ооганстан ардагеринен түзүлгөн “А” ботальонунда кадамжайлык 28 ардагер бир ай бою элдин тынчтыгын сактоого чоң салымын кошушту. Ардагерлердин көрсөткөн эрдиктери жаш муундардын Ата Мекенди сүйүүгө болгон духун көтөрүүдө таасирдүү тарбия берери талашсыз. Андан сырткары “Өлгөндөр баркталмайынча, тирүүлөр даңкталбайт” – демекчи кандуу согуштан кайтпай калгандардын ысымдары мектептерге, көчөлөргө коюлуп, атайын эстеликтер курулгандыгы баарыбыга белгилүү. Буга районубуздун борборундагы Ооган согушунуна арналган эстелик, Халмион айылындагы С.Даминовго жана Бирлик айылындагы А. Кудайкуловго багышталып тургузулган айкелдер күбө. Ошондой эле Үч-Коргондогу Б.Рузиматов атындагы билим уясы менен Актурпак айылындагы Ш.Жээнбеков атындагы орто мектеп интернационалист жоокерлердин ысымдарында аталгандыгы коомчулукка маалым. А.Орозбеков (Охна) айылында – З.Мамажанов, З.Парпиев, Пүлгөндө – Ж.Өмүрзаков, Д.Таштанов сыяктуу баатыр жоокерлердин атына коюлган көчөлөр бар.
Ошону менен бирге мамлекет жетекчилери тарабынан арабызда жүргөн ардагерлердин турмушуна да көңүл буруп, айына 6000 сом жөлөк пул берилип турат. Ооган согушунда баатырларча курман болгондордун эрдиктери, ысымдары эч качан унутулбайт. Аларга багыштап ар дайым куран окуп, эскерүү – биздин башкы милдетибиз.
Согушта курман болгон 21 жоокер
Абдираим Ахюл уулу Үч-Коргон айылында туулган.
(1963-1982)
Мамажанов Зайлабидин А.Орозбеков айылында туулган.
(1963-1982)
Исаков Сергей Викторович. Кадамжай шаарчасында туулган. (1962-1982)
Султан Эргеш уулу. Халмион алында туулган.
(1966-1986)
Жеңишбек Өмүрзаков. Пүлгөн айылында туулган.
(1966-1986)
Заирбек Парпиев. А.Орозбеков айылында туулган.
(1966-1986)
Каримов Абдуламит. Үч-Коргон айылында туулган.
(1960-1980)
Таштанов Дыйканбай. Пүлгөн айылында туулган.
(1962-1981)
Рузиматов Бахтияржан. Үч-Коргон айылында туулган. (1964-1984)
Султанов Рустам. Кадамжай шаарчасында туулган.
(1962-1981)
Кудряшов Александр Николаевич. Пүлгөн айылында туулган. (1964-1984)
Каменский Геннедий Викторович. Кадамжай шаарчасында туулган. (1963-1984)
Сайдуула Асан уулу. Көк-Талаа айылында туулган.
(1966-1985)
Кудайкулов Абдулашим Мурадилович. Жал айылында туулган. (1966-1985)
Нишанов Абдимомун. Кара-Дөбө айылында туулган.
(1966-1986)
Барат Ташбай уулу. Кыргыз-Кыштак айылында туулган.
(1967-1986)
Бахрамов Сайдахрам. Үч-Коргон айылында туулган.
(1961-1980)
Шарафидин Пахыр уулу. Актурпак айылында туулган.
(1962-1981)
Абдилла Токтомат уулу. Алга айылында туулган.
(1965-1984)
Рахматуллаев Абдирахман. Үч-Коргон айылында туулган. (1963-1982)
Асаев Иманали. Айдеркен шаарчасында туулган.
(1964-1984)