КАЙРАТТУУ КЕНЧИЛЕР АЙДАРКЕНДЕ
Ошол батышта кан күйгөн 1941-жылы Айдаркен сымап комбинаты Украинадагы Никитовкадан шашылыш түрдө көчүрүлүп келинген. Себеби, душмандар басып алып, комбинат Германиянын колуна өткөндө, СССРдин коргонуу аскер куралдары үчүн эң зарыл болгон түстүү металл продукциясынан кур жалак калмак. Аны менен өлкөнүн коргонуу кубаттуулугу да чоң зыян тартмак. Алгач Айдаркен аймагындагы ачык асман астында орнотулган металл эритүүчү мештер 4 айга жетпей өлкөнүн коргонуу куралдары үчүн продукция берүүнү баштаган. Ушунун өзү Айдаркендин продукциясынын душманды жеңүүдө кошкон салымы чоң экендигин далилдеп турат. Алгач №5 завод деп аталган ишкана кийин өлкөдөгү гана эмес, дүйнөдөгү сымап иштеп чыгаруучу ири комбинатка айланды.
Өндүрүштүн өнүгүүсү менен кенчи-металлургдардын шаарчасы да жакшырган, көп кабаттуу үйлөр менен бир катарда социалдык, маданий-турмуштук объектилер да курулган. Алды Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, Ардак белгиси орден- медалдарга татыган ондогон өндүрүштүн алдыңкылары өсүп чыкты.
Өзүнүн көп жылдык тарыхында комбинат атак-даңкка жетишкен өсүп-өнүгүүнү жана кризистик кырдаалга тушугуп, биротоло жабылып калуу коркунучуна кабылган учурлары болду. Буга Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдар ичинде 2 жолу оор кырдаалды башынан өткөргөндүгү мисал боло алат. Башкача айтканда, 1990-жылда мурдагы мамлекеттен каржылоо токтоп, ишкана ПЕСАК программасына киргизилип, реструктризациялоого кабылды. Ал эми 2002-жылдагы селдин кесепетинен 20 саатка жакын электр энергиясы болбой, шахталарды суу басып калды. Сууларды сордуруп, шахталарды кайрадан калыбына келтирүүгө 2 жылга жакын убакыт кетти. Андан тышкары өндүрүштү калыбына келтирүүгө 85 млн сом акча каражаты сарпталды. Ушундай эле оор кырдаал 2009-жылда кайталанды. 2010-жылы Айдаркен сымап комбинаты мындан ары “бар же жок” деген коркунучтун астында турду. Өндүрүштүн токтоп калышы бир гана мында иштегендерге эмес, бүтүндөй шаарчада жашаган калктын келечегине да чоң таасирин тийгизерин бардыгы жакшы түшүндү. Ошондуктан, комбинаттын жетекчилиги жана бардык кенчи-металлургдар убакыт менен эсептешпей, өндүрүштү калыбына келтирүү үстүндө иштешти. Заводдун аймагында кен төгүлгөн бункерлер менен трубаларда иштетилбей калган кендерди кол менен топтоп, жалпы жамаат шахталарды андан ары суу басуусун токтотуунун чараларын көрүштү.
Мындай бирдиктүү аракеттин аркасында өндүрүштү кайрадан иштетип, продукция чыгаруу жөнгө салынды. Натыйжада комбинаттын эмгек жамааты келечекке болгон ишенимдүү көз карашта жана бүгүнкүдөй көтөрүңкү көңүлдө өздөрүнүн кезектеги кесиптик майрамын белгилеп жатышат.
Себеби, Айдаркен сымап комбинаты бир топ татаалдыктарга карабастан 2012-жылы 74,7 тн, же 300 млн 700 миң сомдук продукция өндүргөн.
Ал эми быйылкы жылга карата ишкана 75 тонна сымап өндүрүүнү божомолдоштурган. Ал эми 1-июлга карата 5 айдын жыйынтыгы менен 28,2 тонна башкача айтканда 114 млн 800 миң сомдук сымап өндүргөн.
Жылдын жыйынтыгы менен божомол планды аткарууга буюрса, толук мүмкүнчүлүк бар. Бүгүнкү күндө сымаптын баасы 1 тоннасы 97,664 АКШ долларын же 4 млн 639 миң сомду түзүүдө.
Комбинаттын жетекчиси Салиев Толубай Жанибалиевич жана жалпы айдаркендиктер өндүрүштү мурдакы атак-даңкына жеткирүү үчүн бардык күч-аракетин жана жигердүү эмгегин жумшап жатышат. Негизинен ишканада жылдан жылга алдына жылуу жана өнүгүү бар. Алсак, 2010-2013- жылдар аралыгында 8 бирдиктеги жаңы техникалар сатылып алынган. Жумушчулардын саны 169 жумушчуга, эмгек акы 4320 сомго өскөн. Азыркы күндө жумушчулардын орточо айлык эмгек акысы 11523 сомду түзөт.
Келечекте Айдаркен комбинаты бир гана сымап иштетип чыгаруу менен чектелбестен алтын жана башка сейрек түстүү металлдарды кайрадан иштетүүгө багытталышы күтүлүүдө. Себеби, бул аймакта Алтын Жылга жана башка кен байлыктары изилденип, чалгынданып, канчалык запастары бар экендиги такталган. Ушунун өзү айдаркендиктердин жигердүү эмгегин, келечекке болгон ишенимдүү аракеттерин көрсөтүп турат. Айдаркен сымап комбинатынын жетекчилиги жана жалпы эмгек жамааты патриоттук сезиминин бийиктигинен, баштарына оор иш түшкөндө да бекем биримдиктин жана өз ара ынтымактын аркасында кыйынчылыкты жеңип келе жатышат.
«Эл жарчысы»