Кадамжай тууралуу кадырлуу кеп
Кадамжай жергеси тууралуу сөз кылып жатып, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө, мамлекеттин түптөлүшүнө салым кошкон Полот Хан, Абдыкадыр Орозбеков, Апсамат Масалиев сыяктуу тарыхый журт башчыларын эскербей кетүүгө болбойт. Анткени кыргыздын туңгуч, адилеттүү жол башчыларынын киндиги ушул Кадамжай району менен туташып, топурагына жуурулушкан. Күнөстүү Кадамжай аймагы кыргызды алга сүрөгөн инсандарды тарбиялап чыгаруу менен бирге, кошуна мамлекеттер ортосунда достукту бекемдеп, чек ара көйгөйүнө көкүрөгүн тосуп, өлкөнүн бүтүндүгүн, тынчтыгын сактап турат.
Чек ара такталат – тынчтык сакталат
Акыркы учурда болуп өткөн Сох анклавындагы чыр-чатак биздин элдин гана эмес кошуна өзбек туугандардын да жүрөгүнө бүлк салып, тынчтыгын кетирди. Анткени, өзбек менен кыргыздын араздашуусу карапайым элге кайгы-капа, азап-тозоктон башка эч нерсе алып келбейт. Андыктан биз бул маселенин үстүндө катуу иш баштап, чек араны тактоо менен бирге тосуу иштерин кызуу жүргүзүп жатабыз. Бул иш-чарага жалпысынан 370 млн. сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп, тез аранын ичинде чек ара тосуу жумуштары аягына чыгарылат.
Кошумчалай кетсек, Кадамжай аймагында болуп жаткан эң чоң иштердин бири Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Дүкүр аймагында жалпысынан 3500 гектар жер өздөштүрүлүп, 6 миң метр аралыкка суу жеткирүү маселеси да дээрлик чечилген. 4 миң метрлик чоң канал курулган. Ошондой эле 114 чакырымдык ички чарбалык кичи каналдар курулат. Жаңыдан ачылып жаткан аймакка учурда 40тан ашуун түтүн отурукташкан. Келечекте 6 миң кожолук ушул жерден орун алат. Өздөштүрүлгөн 3500 гектар жердин 1500 гектарына бак-дарактар отургузулуп, ар кандай дыйканчылык кылууга шарт түзүлүп, жаштарга иш орундар жаралат. Бул долбоорго жалпысынан мамлекеттин бюджетинен 420 млн. сомдон ашуун акча каражаты сарпталууда. Өздөштүрүлгөн Дүкүр массиви да Өзбекстандын Риштон району менен болгон чек араны бекемдеп, сактап турат.
Кара алтынды иштетүүнү колго алабыз
Учурда “Газпром” акционердик компаниясы “Кыргызгаз” акционердик компаниясын сатып алуусу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыгы жакынкы мезгилде чыгат. Буюрса, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы апрель айында чыгарылат. Тагыраак айтканда дүйнөлүк деңгээлде мүмкүнчүлүгү жогору “Газпром” компаниясы акча каражаты жана технология жагынан жардам берип, өзүбүздүн нефть продукцияларыбызды өздөштүрүүнү колго алабыз. Ошондой эле аны каалагандай сарамжалдуу, тартип менен пайдаланууга укук болот. Эң негизгиси жер астында жаткан байлыктарбызды иштетүүнү жөнгө салуубуз керек.
Күрүч кардарларына шарт түзүлөт
Мага келген маалыматтар боюнча ар кандай жашыруун жолдор менен Өзбекстандан арзан баадагы сапатсыз күрүчтөр чыгып, өзүбүздүн өндүрүшкө залакасын тийгизип жатат экен. Демек, бул көрүнүштү бөгөттөп, күрүчкө негизги кардар болгон тажик ишкерлерине шарт түзүлөт. Ошондой эле дыйкандарыбыздын күрүчүн сыртка экспорттоонун жолун табабыз.
Шаарлардын абалын жакшыртабыз
Кадамжай менен Айдаркен шаарлары союз мезгилинде сурма жана сымап комбинаттары иштеп турганда дүркүрөп өнүккөн. Азыркы күндөгү абалы илгеркиге салыштырмалуу өндүрүштүн саны жагынан начар экендигин айтпасак да белгилүү. Андыктан жакында болуп өткөн шаар мэрлерин шайлоо иш-чараларына өзүм катышып, алардын өнүктүрүү программалары менен жакындан тааныштым. Чындыгында шаар деген статус алгандан кийин өз алдынча бюджети болуп, иштегенге мүмкүнчүлүк болот. Ошентсе да жарыбаган бюджет менен шаарды таза суу менен камсыз кылып, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү көтөрүү оңой болбойт. Андыктан сырткы булактардан киреше тапканга аракет кылуубуз зарыл.
Билим берүү системасын иштеп чыгабыз
Жалпылап айтканда район боюнча 81 мектеп, 14 балдар бакчасы бар экен. Ачуу болсо да айтышыбыз керек, мектептердин, балдар бакчалары менен бирге окуучулардын билим деңгээли заман талабына жооп бербейт. Жетекчи болуп келгенден бери ар бир айыл өкмөттүн жетекчилери менен мектептерге барып, материалдык, техникалык базасы менен жакындан таанышып чыктым. Дээрлик 60-70 пайыз абал начар. Китеп жетишпей, шарт түзүлгөн эмес. Бул маселени чечүүдө айылдык Кеңештин депутаттарынан баштап, Билим берүү министрлигине чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Буюрса, Кадамжай районундагы ар бир мектеп, сентябрь айына чейин толук китеп менен камсыз болуп, материалдык базасы чыңдалат.
Аны менен бирге борбордогу университеттердин ректорлору менен келишим түзүлүүдө. Биздин аймактагы өзгөчө дилгир, билимге суусаган жаштар тандалып алынып, жок дегенде Бишкек шаарында же андан ары Европа өлкөлөрүндө билим алуусуна көмөктөшөбүз.
Андан сырткары 160-170 миң калкы бар Кадамжайда 14 балдар бакчасы эмне деген эсеп? Ошондуктан быйылкы жылга ар бир айыл өкмөткө бирден балдар бакчасын курууну планга киргиздик. Аларды каржылоо жагы да эске алынууда. Ошондой эле ар бир айыл өкмөткө окуу курстарын ачып, айыл жергесиндеги жаштардын тил үйрөнүүсүн жандандырабыз.
Кадамжай-Бүргөндү-Баткен желеси
70-80 км метр аралыктагы жаңыдан курулган Кадамжай-Бүргөндү-Баткенди туташтырган жолго мамлекет млн.догон акча каражатын сарптаган. Бирок, аталган жол 30-40 тонналык жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө ылайыкташтырылбаган . Тилекке каршы, биздин жеке ишкерлер Тажикстан, Лейлек жана башка аймактарды күйүүчү май менен камсыз кылуу максатында 30-40 тонналык жүктөрү менен жаңы курулган жолду басып өтүп, асфальттын бузулушуна алып келүүдө. Мындай көрүнүштү болтурбоо максатында Көк-Талаа айылына атайын жүк ташуучу унаалар үчүн тараза орнотулган. Бирок, бул натыйжа бербей жатат. Мен өкмөткө сунуш жөнөтүп жатам. “Кадамжай аймагынан өтө оор салмактагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө катуу көзөмөл салынсын” деп. Антпесе жаңыдан төшөлгөн асфальттар талкаланып, кайра эле мамлекеттин өзүнө көйгөй жаратат.
Мугалимдер жер салыгынан бошотулат
Мугалимдерден билим берүүнү талап кылуу менен бирге, аларга да шарт түзүп берүүбүз зарыл. Коммуналдык кызматтардан бошотпосок да, жер салыктарынан жеңилдетүүлөрүн карообуз зарыл.
Андан сырткары жыл сайын райондогу эң күчтүү үч мугалимге Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алууга жөнөтөбүз. Буга кошумча, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеген ар бир окуучуга жана окуучуну даярдаган мугалимге 20 миң сомдун тегерегинде акчалай сыйлыктарды жарыялоону колго алсак деген максаттарыбыз бар.
Айдаркенде кыздар лицейи ачылат
Дагы бир маселе, Кадамжай району эмес Баткен обулусу боюнча кыздар лицейи жок экен. Бул боюнча да Себат эл аралык уюмунун Президенти Орхан Инанды менен сүйлөшүп, Айдаркен шаарына Себат кыздар лицейин ачууну пландадык. Тагыраак айтканда Орхан мырза май айында өзү да келип, жакындан таанышат.
13 киши акысыз ажыга барат
Аймагыбыздагы мектептердин абалын жакшыртуу менен бирге мечиттердин да абалын оңдойбуз. Намазкан аксакалдарыбызга мечиттерде шарт түзүп беребиз. Ошондой эле эл аралык жаштар уюмунун жетекчиси Саид Баюми менен алдын ала сүйлөштүк. Алардын жылына Кыргызстандан 60 кишини акысыз ажыга жөнөтүү программасы бар. Ошол программага биздин ар бир 13 айыл өкмөттөн, 2 шаардан бирден жарандарыбыз тандалып алынып, жалпысынан 15 адамды акысыз ажыга жөнөтүүнү колго алдык. Буюрса, бул иш-чара ушул жылдан башталат.
Өнөр жайларды өнүктүрөбүз
Эл аралык аренада сымапка болгон талап күчөгөндүктөн Айдаркен шаарындагы сымап комбинатынын абалы кубандырат. Ошентсе да Кадамжайдагы сурма, Айдаркендеги сымап комбинаттарын заманбап технологиялар менен камсыз кылып, ишти мындан да жакшыртабыз. Андан сырткары биздин кошумча максаттарыбыздын бири алтын, көмүр, коргошун, гипс кендерин иштетүү. Кыргызстанда акча каражаты тартыш болгондугуна байланыштуу сырттан жергиликтүү элге зыяны тийбей турган заманбап технологияларды колдоно турган иневесторлорду тартууга туура келет.
Оорукана оңдолот
Аны менен бирге райондун аймактык ооруканасынын абалы начар болгондуктан жаңы оорукананын курулушу жүрүп жатат. Анын курулуш иштерине 360 млн. сомдон ашуун акча каражаты каралган. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен да сүйлөшүп, ооруканабызга бир тез жардам унаасы 3-4 айдын ичинде чечилүүсү күтүлүүдө.
Таза жана сугат суулары жетишпейт
Кадамжай аймагында таза жана сугат суулары тартыш маселе. Бул көйгөй да четте калган жок. Чечүүнүн жолдорун издеп, ар кандай долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз.
Өзүңөргө маалым, биздин аймакта мөмө-жемиштин баардык түрүнөн бар. Айрыкча, Үч – Коргон аймагында мөмө-жемиштерди чет жактарга экспорттоо да жөнгө салынган. Бирок, кайра иштетүү маселеси эске алынган эмес. Демек, ошол мөмө-жемиштерден сапаттуу, табигый сокторду иштеп чыгуучу чакан ишканаларды ачабыз. Бул ишке 3-4 айдын ичинде инвесторлор келет.
Күйүүчү майды камсыздайбыз
Айыл чарба техникалары да быйылкы жылы районубузга мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк тарта баштадык. Бул маселе, азыркы КРнын Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин демилгесинин натыйжасында болуп жатат. Дыйкандарыбызды күйүүчү майлар менен камсыз кылуу максатында “Газпром” АЗС компаниясынын жетекчилери менен сүйлөшүлдү.
Кайрат Жапаров, журналист
“Дагы бир маселе, Кадамжай району эмес Баткен обулусу боюнча кыздар лицейи жок экен. Бул боюнча да Себат эл аралык уюмунун Президенти Орхан Инанды менен сүйлөшүп, Айдаркен шаарына Себат кыздар лицейин ачууну пландадык. Тагыраак айтканда Орхан мырза май айында өзү да келип, жакындан таанышат.”
Ушул турторду чакырбай эле койсок болмок, оз балдар-кыздарыбызды озубуз эле окутуп алабыз го….
чынында лицейде окуган бутуруучу менен жонокой мектепте окуган бутуруучунун айырмасы чон. турктор ушунчалык келип билим берип атканда ошол мумкунчулуктон пайдаланып алыш керек. мумкун болушунча коп нерсени уйронууго аракет кылуу керек.
жолоочу сиз эмне мугалимсизби,эгер мугалим болгонуңузда түшүнөт элеңиз, мугалим болбосоңуз мамлекеттин абалынан кабарыңыз жок окшойт сиз окутканыңыз көрүп атабыз