Кечээ, 20-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Султанбекова Кадамжайдын Майдан айыл округунун жашоочулары менен жолугушуп, элди сабырдуулукка чакырды. Жолугушууга миңден ашуун адам катышкан.
(Сүрөттөр 18-октябрь күнү тартылган - «Эл жарчысы»)
Белгилей кетсек, 18-октябрь күнү «Z-эксплолер» компаниясынын техникалары кен казуучу жайга барганда, жергиликтүү тургундар каршылык көрсөтүп, компанияга тиешелүү офисти талкалап, документтерди өрттөп салышкан.
Бүгүнкү күндө Майданда абал тынч.
А.Абсаттаров, атайын кабарчы